"Эркексиз аял жарты, аялсыз эркек жалкы". Жазуучу Нуржигит Кадырбеков карантин учурунда китеп окууга чакырат

Убакыт өмүр, кетирбе бош,
Бир секунд иши жашоодон оош.
Байлык деп жалаң санабай акча,
Китепке ырыс, насибиң кош.
Анткени китеп чыныгы байлык,
Китеп бул - акыл, китеп бул - рух,
Китеп бул - накыл, китеп бул – дос!

Бул саптар акын, жазуучу, коомдук ишмер, учурдагы маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековго таандык. Ал дайыма калкты китеп окууга чакырып келет. Кыргыздын акылы мол, билими аркылуу бийиктиктерге жетип келе жаткан сыймыктуу уулу менен SUPER.KG порталы маектешти. Мекендешибиз акыркы жаңылыктары, карантин учурунда аткарып жаткан иштери тууралуу айтып, жаштарды жалпы эле элди китеп окууга чакырып, маңыздуу маек курду.

"ЭРТЕ ЖАТЫП, ЭРТЕ ТУРГАНДЫ АДАТКА АЙЛАНТЫШЫБЫЗ КЕРЕК"

- Карантиндин башталганын байкасаңыздар шаар эрте уктай баштады. Негизи батыш өлкөлөрүндө, мисалы, Германия, Австрия карантини жок эле эрте укташат. Ал жакта дүкөн, кафе жана башка коомдук жайлар эрте жабылат, ошону менен бирге алар жашоону эрте башташат. Анткени уйку канып, организмге жетиштүү күч топтоп алсаң, ден соолугуң чың болсо, үй-бүлөң менен көп убакыт өткөрсөң, анда адамда ишке болгон жөндөм күч болот. Балким, батыш өлкөлөрү эрте уктагандыктан алардын экономикасы өнүгүп жатабы деген ой келет. Бизде болсо түнкү саат 00:00дө деле шаарда адамдар кыймылда жүргөн болот. Мындан улам же уйкудан жок, же иштен жок эт менен челдин ортосунда жүрүп, натыйжалуу иштей албай калабыз. Негизи "куптандан кийин уктайм" деген жакшы сөз бар. Эрте жатып, эрте турганды адатка айлантсак эң сонун болмок.

"ДАРЫГЕРЛЕРГЕ АРНАП АҢГЕМЕ ЖАЗДЫМ"

- Азыркы тапта эмгек өргүүдө болгондуктан, өкмөттүн талабын аткарып, үй-бүлөм менен сыртка чыкпай отурабыз. Кечээ эртең менен жана кечинде эки маал сыртка чыктым. Кандай болгон күндө да Кудайга шүгүр, жаза албай жүргөн, көптөн бери жазганга мүмкүнчүлүк болбой жүргөн аңгемемди жазып, аяктап алдым. Ал эмгегим "Коштошуу" деп аталат. Бул чыгарма эпидемия күчөгөн маалда дарыгердин үй-бүлөсү менен коштошуп бара жатканын чагылдырат. Азыркы тапта да дарыгерлер жубайлары менен коштошуп, белгисиз убакытка чейин үйүнө келбей турган болуп кетип жатышат. Кудай бетин ары кылсын, дүйнөдө дарыгерлерге вирус жугуп калган учурлар катталууда. Мисалы, Италия, Франция, Иран өлкөлөрүндөгү дарыгерлердин абалын көрүп, билип жатабыз. Мындан улам биздин дарыгерлерди чыныгы баатырлар деп айткым келет. Дарыгерлердин жакындары кадимки Керимбүбү апа Дүйшөнкул Шопоковду согушка узаткандай эле узатып жатышат. Бул окуялардын баары таасир бергендиктен, алардын кадыры тууралуу эмгек жаздым.

"ҮЙДӨ КЫЗДАРЫМ МЕНЕН БОКС ОЙНОП ЖАТАМ"

- Үйдө кыздарым менен бокс ойноп жатам. Бала деген бук болот экен, бугун чыгаруу керек окшойт. Кыздарым кол кап кийип, кадимкидей эле мени менен боксташып, кезекке туруп ичиме койгулап, болушунча бугун чыгарып жатышат. Каткырып, жыргаганын көрүп мен да ырахат алып жатам. Бала чарчабайт экен. Аларга теңелем деп суй жыгыласың. Кичинекей кызым болсо эртеден кечке үйгө келбей жүрсөм менден бир топ эле алыстап калган экен. Азыр мага келип, апасына барбай калды. Мындан улам бул вирустун жакшы жактарын карап, эрежени сактап жатабыз.

"ЭРКЕКСИЗ АЯЛ ЖАРТЫ, АЯЛСЫЗ ЭРКЕК ЖАЛКЫ"

- Советбек Байгазиевдин "Иниме кат" деген чыгармасын кайра кайталап окуп чыктым. Чынында азыркы тапта шыктандыруучу китептер көп эмеспи. Робин Шарма, Брайан Трейси, Роберт Киосаки, Жон Кехо жана башка жазуучулардын китептерин жаштар окуп жатышат. Бирок биз жаш кезибиздеги эң чоң шыктандыруучу китеп Советбек Байгазиевдин "Иниме кат" чыгармасы болчу. Бул белгилүү публицистикалык чыгарма мектеп программасына кирген. Жакшы көргөн чыгармамды Оштогу "Маңыз" басмасы басып чыгарып, белекке берген. Мурун жазылбаган жаңы баптары дагы бар экен. Китепти ырахаттанып, маңызына сүңгүп бир дем менен окуп чыктым. Чыгармада таасир берип, эсимде калганы "эркексиз аял жарты, аялсыз эркек жалкы" деген сөз болду.

"АЗЫРКЫ МЕЗГИЛ ШҮГҮР, ЗИКИР АЙТУУГА ЖАКШЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК"

- Үйдө олтурганда жаштар эмне кылыш керек? Албетте, алар китеп окусун, пайдалуу тасмаларды көрсүн, илим үйрөнсүн, ибаадат кылсын, ата-энеге жардам берсин. Азыр канча адамдар кыйналып, кыжалаат болуп жатышат. Дарыгерлерибиз, укук коргоо, мамлекеттик кызматкерлери вирусту жуктуруп алуу коркунучуна карабай, элдин кызматында, элди аралап жүрөт. Мына ошол замандаштарыбызга ак тилек кылалы, жакшы дуба айталы. Үйдө спорт менен машыгуу өтө жакшы көрүнүш. Кичүүлөргө өрнөк көрсөтөсүң. Балдар менен кубалашып ойногон деле спорт болот экен. Бул мезгил жаштар үчүн тил үйрөнүүгө дагы жакшы мүмкүнчүлүк. Анткени эч нерсе тоскоол болбойт. Интернетте акысыз тил үйрөнүүчү программалар бар. Интернет жок болсо деле мүмкүнчүлүк тапса болот, бул учурда ар түрдүү китептер жардамга келет. Анан жакшы ойлорду ойлоо керек. Ишиң, амалың, мамилең – ойдон башталат. Айнекти карап турсаң тоо шаңкаят, чымчыктар учуп жүрөт, гүлдөр гүлдөп, жашыл тулаң жерди жарып чыгып жаткан учур. Бул позитивди көрө билип, Кудайга шүгүр келтирели.

Анан дагы фейк, жалган маалыматтарды таратуудан алыс болсок. Бирөөлөрдүн маанайын көтөрүүгө аракет жасасак. Артынан жакшы сөздөрдү айтсак. Көңүлдө жакшы күмөндөр жашаса. Жүрөгүбүздү аруулап отурсак. Бирөөлөрдү кечирип, кечирим сурасак жан дүйнөбүз тазарат. Айтор, үйдө отуруу дагы кээде аябай маанилүү. Суфизмде атайын сүкүткө олтурушат. Адам кээде жалгыздыкты издеп калат. Өзү менен өзү болуп, ой жүгүртүп, жан дүйнөсүн байытып, шүгүр келтирип, зикир айткысы келет. Жалгыздык аркылуу кээде пайдасыз сөздөн, ушак айыңдан, ыксыз ызы-чуудан кутуласың. Мына ушуларга азыркы күн жакшы мүмкүнчүлүк.

САЯСАТКА АРАЛАШКЫСЫ КЕЛГЕН АДАМДАРГА ТӨМӨНКҮ ҮЧ КИТЕПТИ СУНУШТАЙМ

- Саясатка аралашам дегендер үч китепти сөзсүз окушу керек деп ойлойм. Биринчиси бул - Жусуп Баласагын атабыздын "Кут алчу билим" дастаны. Ал жерде адилеттүүлүк деген эмне, башкаруучунун асыл сапаттары, казынаны караган кишинин милдеттери тууралуу, падыша, вазир, кол башчыдан баштап дыйкан, соодагер кандай болушу керектиги жөнүндө өтө таасирдүү акылман кеңештер бар. Экинчиси - Имам Газалинин "Өкүмдарларга насаат" ("Наставление правителям") деген китеби. Чынында мамлекетти башкаруу же элге бийлик кылуу оңой-олтоң иш эмес. Кимдин үстүнөн бийлик кылсаң анын сурагы, жоопкерчилиги сенин мойнуңда экени, Жараткандын таразасына салынар кооптуу жана жооптуу милдет болору тууралуу эң жакшы жазылган. Ал эми үчүнчүсү болсо Ли Куан Юнун "Үчүнчү дүйнөдөн биринчи дүйнөгө" деген китеби.

ТАРЫХТЫ, ТАМЫРДЫ БИЛҮҮ - МААНИЛҮҮ

Эгер ким бизнес кылууга кызыкса Коносуке Мацушита деген белгилүү япон ишкеринин "Ишкерликтин миссиясы" деген китебин сунуштайт элем.

Анан өзүбүздүн тарыхты окуйлу. Мисалы, Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романын окусак, канча тарыхты үйрөнөбүз. Ошол эле кечээки 1937-жылы элим, жерим деп башы кеткен баатыр аталарыбыздын таржымалы тууралуу Көчкөн Сактановдун "Маркумдар үнү" романы да абдан жакшы жазылган. Качкынбай Осмоналиевдин "Көчмөндөр кагылышы" деген тарыхый романы бар.

Мына ушул китептерди окусак канча таалим, өрнөк алабыз бабалардан. Мамлекетибиз жөн эле курулуп калбаганын, ал үчүн канча кан төгүлүп, канча өмүр өзүн курмандыкка багыштаганын түшүнүп, эгемендүүлүктү көбүрөөк кадырлай баштайбыз. Кийинки мезгилде Казакстан тарыхый кинолорду тартып баштады. Анткени алар өз тарыхын, тамырын билмейин эл катары оожалып кетиши кыйын экенин аңдап, билип жатышат.

Биз да ушинтпесек, тарыхыбызга башкалар ээ боло башташат. Ошондуктан тарыхый романдарды окушубуз керек. Мындан сырткары Исай Калашниковдун айтылуу Чыңгыз хан тууралуу "Каар заман" романын окууну дагы окурмандарга сунуштагым келет. Тарыхтан сабак алмайын, адамзаты бир эле катаны кайталай берет тура. Бабалардын жакшы иштерин улап, кемчилигин кайталабай, жаңы заманга жараша өз чыйырыбызды салыш үчүн элибиздин жана дүйнө тарыхын жакшы билишибиз керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Chungyz
2020-03-27 22:31:21
тузук
+1
akmanai
2020-03-28 11:56:10
Билимдуу, создору салмактуу киши. Сыйлайм.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан