Нарында Лимонти каймана аты менен белгилүү кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишти. Маалыматты SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 28-мартта Нарында түшкө маал болгон.
Алмаз Сулайманов 1971-жылдын 9-март күнү Нарын облусунда туулган.
Мурда бир нече жолу соттолгон. 2006-жылы 30 жылга эркинен ажыратылган.
2008-жылдын май айында Аламүдүн райондук сотунун чечими менен Алмаз Сулайманов абактан ден соолугуна (кургак учук диагнозу коюлган) байланыштуу мөөнөтүнөн эрте бошотулган. 2011-жылы ага карата эл аралык издөө жарыяланган. 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн.
Андан соң ал 20 жылга эркинен ажыратылган.
Ал эми 2019-жылдын 1-августтунда №16 абактан Балыкчыдагы №51 жатак абакка которулган.