ЖАМК: "Алмаз Сулайманов Балыкчы шаарындагы №51 жатак абакта жазасын өтөп жаткан"

Бүгүн, 28-мартта Нарында Лимонти каймана аты менен белгилүү кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Алмаз Сулайманов Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарындагы №51 жатак абагынын Нарындагы өндүрүш участогунда жазасын өтөп жүргөнүн билдирди.

"Ал жашаган жери боюнча жазасын өтөп жүргөн", - деди басма сөз кызматы.

Алмаз Сулайманов 1971-жылы туулган. Мурда бир нече жолу соттолгон. 2006-жылы 30 жылга эркинен ажыратылган.

2008-жылдын май айында Аламүдүн райондук сотунун чечими менен Алмаз Сулайманов абактан ден соолугуна (кургак учук диагнозу коюлган) байланыштуу мөөнөтүнөн эрте бошотулган. 2011-жылы ага карата эл аралык издөө жарыяланган. 2013-жылы да Казакстандын Алматы облусунан кармалып, Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн.

Андан соң ал 20 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aimani
2020-03-28 16:28:32
Вообще бардак экен го. 30 жылга соттолуп, эки жылдан кийин бошоп, Алматыга чейин сейилдеп жүрсө. 20 жылга соттолуп үйүндө жүрсө. Өкмөт нормально иштебеген үчүн дагы бир бала оч алам деп өз жашоосун талкалап алды
+17
Dani
2020-03-28 19:20:45
Aimani,бизде ушундай тууган окунучтуу закон бейбечарага эле
+4
talas0707
2020-03-28 17:42:15
Бардактын да бардагыда
+6
tachkomur
2020-03-28 18:36:41
Лимонтинин канча жылы калса турмодо отура турган ошону койо Берген адамды камап кутултуш керек олтургон баланы кой беришсин ал чындык учун олтурду каалагандай жургондой Ким ал
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан