Алпаруучу Ассоль Молдокматова балконуна чыгып, концерт коюп жатат

Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаарында алпаруучу Ассоль Молдокматова үйүнүн балконуна чыгып, концерт коюп жатат. Анда ырчы Кайрат Примбердиев өзүнүн ырларын тартуулоодо. Алардын концертин көчөдө өтүп бараткан тургундар көрүшүүдө. Ошондой эле шаардыктар үйлөрүнүн балконунан көрүп жатышат.

Шаарда элдин саны мурункуга салыштырмалуу бир топ аз.

Кечээ, 27-мартта Кайрат Примбердиев эки сааттан ашык Инстаграм баракчасында түз эфирде концерт берген.

Дүйнөдө коронавирус илдети жайылып, Кыргыз өлкөсүндө алгачкы ирет коронавирустун катталышына 10 күн болду. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек жана Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койгон. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган үч жарлыкты бекитүүнү толук колдоо менен атайын токтом кабыл алышкан.

Өзгөчө абал 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген. Ага ылайык, жарандарга кечки саат 20:00дөн баштап эртең мененки саат 07:00гө чейин коменданттык саат жарыяланып, бул мезгилде үйдөн чыкпай туруусу айтылган.

Ассоль Молдокматова балконуна чыгып концерт коюп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nazi25
2020-03-28 18:08:06
Экөөнөн башка эч ким жокко
+3
Jelezo
2020-03-28 18:11:16
Тойлор токтоп ушуларга кыйын болду.
+5
Aika1988
2020-03-28 18:45:50
Jelezo,мен дагы күндө ырчыларды ойлоп аткамын той жок карантин болуп тынып калышты деп.Буларды тойго чакырып акчасынын баарын берген адамдар да пысып отуруп калышты..Ашыкча росходдор токтоп экономдоп эле калат экенбиз го.
0
Sakubek
2020-03-28 18:37:21
Элиткада жашайм деп мактаныптыр да, шылтоо менен!
+1
Aimani
2020-03-28 18:45:34
Дагы бир эки жумадан кийин эмне болоор экенбиз. Четинен крышалар тайып баштады. Бир жери жер жыттабай көнүп калгандарга жаман эле болду
+6
Jeltelmen.99
2020-03-28 21:54:17
Aimani,туура айтасың баарынын эле крышалары тайып баштаганго
0
Muslim.azamatovich
2020-03-28 18:46:11
Сума сходят,,,,
+2
aydinnur
2020-03-28 19:25:06
Жамандык менен жакшылык жанаша журоорун унутпайлы достор..Булар кайра жакшы иш кылып жатат,анча мынча болсо да конул которуп..Ассоль курдаш негизи кучтуу айым,оорусуна карабай позитивге чакырып журот..башка соц сайтта ар бир ырдан кийин шаардыктарды уйдо отурууга чакырып жатат Кайрат баатыр..
+2
Bezlisa
2020-03-28 20:08:15
Аттин аааай кыларга ишинер жок жаман эле болотасынар го сен балкондон ырдап тиги окшошкондор чачтарын кырдырышып пиаршиктер токтотор жерим.....!!!!!!
0
OMURBEK.
2020-03-28 23:44:19
Бироосу айнекти ачып карап анан шашылыш жааап койдуго элдин маанайын которуп жатса керек да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан