"Кадимкидей ыр, бий, тост, шоу-программа...". Бишкекте биринчи жолу онлайн үйлөнүү үлпөтү өттү

Бишкекте биринчи жолу үйлөнүү үлпөтү онлайн форматта өттү. Маалыматты SUPER.KG порталына онлайн-тойду алып барган Урмат Асанбеков тастыктады. Асанбековдун билдирүүсүнө ылайык, өзгөчө үйлөнүү үлпөтүнө түгөйлөр 27 жаштагы Искендер Халмурзаев жана 24 жаштагы Юлия Ким туш болгон. Алар баш кошууну көптөн бери эле ушул күндөргө деп пландап келишкен.

Урмат Асанбеков"Карантиндин айынан үйлөнүүнүн күнү жылып кала жаздап, бирок жакшы жолу табылды. Онлайн үйлөнүү үлпөтүнө интернет аркылуу 35 конок кошулду. Кадимкидей эле каалоо-тилектер айтылып, шоу-программалар уюштурулуп, ал тургай музыканттар менен байланышка чыгып, ыр аткарышты. Буга чейин Казакстанда жаш жубайлар онлайн түрүндө үйлөнүштү деген фейк маалыматты баары эле окушкан чыгар. Ал эми биз аягына чейин барабыз дедик жана муну жасадык", - деди Асанбеков.

Ошондой эле ал бул тойдо 2 кыйынчылык болгонуна токтолот: Биринчиси, интернет айрым учурда ыкчам болбой калса, экинчиси тойдо коноктор менен жеке байланыштын болбогону.

"Шаарга блок посттордун коюлгандыгына байланыштуу үйлөнүү үлпөтү белгиленген сааттан кечирээк башталды. Бирок жаштар онлайн-тойго деле кечигип киришет экен. Жалпысынан алганда той жакшы өттү, бир жарым саатка созулду. Эгер керек болсо дагы өткөрө беребиз, бирок мен өлкөбүздө тынчтык болот, бул түгөйлөр аргасыздыктан онлайн үлпөтүн өткөргөн акыркы түгөйлөр болсо деп ниет кылам", - деди ал.

Төмөндөгү видео Урмат Асанбековдун макулдугу менен жарыяланды.

Бишкекте биринчи жолу онлайн үйлөнүү үлпөтү өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sakura715
2020-03-29 00:41:42
Бул баягы Арстан Алайга заявление жазган тамада го!?
+3
Paol
2020-03-29 03:36:57
Sakura715,ошондой окшойт
0
kirgizstan
2020-03-29 01:37:04
кызга жакшыраак койнок жокпукен. ич койнок кийгендей болбой
+2
Krai
2020-03-29 09:45:08
Бактылуу болгула кармашкан колуңар үзүлбөсүн эң негизгиси учурдун талабын бузбай туура сактаган азаматтар. Жакында эле бир атактуулар карантин десе болбой мамлекетти сыйлабай ушунча элди сыйлабай 300 адамды чакырып той бергендерге караганда буларды азаматтар дейт элем
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан