"Ак боз ат минген 30 жаш". Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев 30 жашка чыкты

Кыргыз курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 1990-жылы 29-мартта төрөлгөн. Улуттук курама команданын катарында 2009-жылдын март айында Непалга каршы оюнда дебют жасаган.
2007-2010-жылдары "Дордой-Динамо" клубунда ойногон. 2010-жылы кышында москвалык "Локомотив" клубуна кирип, 11 оюн өткөргөн. 2011-жылы Израилдеги "Хапоэль" клубунда ойноп, 2012-жылы өзүнүн мекенине "Дордойго" кайткан.
2014-жылдын январь айынан тарта түркиялык "Денизлиспор" клубунда ойногон. Сезондун экинчи бөлүгүндө чабуулчу Түркиянын "Afjet Afyonspor" 4-лигасындагы командада өткөргөн. Түркиялык клуб үчүн Мирлан Мурзаев 11 расмий оюн өткөрүп, 5 гол киргизген.
2016-жылдын январь айында ал Бахрейндеги Манама шаарынын "Аль-Ахли" клубу менен сезондун акырына чейин келишим түзгөн.
2017-жылы Мирлан Мурзаев түркиялык клуб менен чемпиондукту багынткан. Ал бул сезондо Түркиянын 4-дивизионундагы "Ушакспор" командасында ойноп, алтын медалдарга жетишкен. 2017-жылы 24-апрель күнү Мурзаевдин командасы "Бусак Огузан" командасын 3:1 эсебинде жеңип, өз дивизионунда чемпион аталышкан. Мирлан Мурзаев "Ушакспордун" курамында 22 оюнга катышып, 6 жолу айырмалана алган.
Мурзаев мындан сырткары "Сомаспор" клубунда 1 сезон өткөргөнгө жетишкен. Андан кийин кайрадан "Дордой" клубуна кайтып келген.

Мирлан Мурзаев 2019-жылдын июль айында Түндүк Кипрдин командасы менен келишим түзгөн. Бирок бул келишимден баш тартып, "Дордойго" кайтып келди. Кыргыз Премьер-Лигасы билдиргендей, Түндүк Кипрдин чемпиондугу ФИФА тарабынан таанылган эмес. Андыктан бул чемпиондукта Мурзаев ойносо, улуттук курам үчүн ойной албай калмак.

Мирлан Мурзаев 2007-2008-2009-2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын чемпиону, 2008-2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси. 2007-жылы Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна ээ болгон.

2018-жылдын 27-мартында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагындагы Кыргыз-Индия беттешинде Кыргыз курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев мыкты оюнчу аталган.

Мурзаев талаага башкы курамда чыгып, оюндун аягына чейин ойногон. Ал эми оюндун 72-мүнөтүндө атаандаштарынын дарбазасына кыргызга жеңиш алып келген экинчи голду киргизди. Бул гол чабуулчунун улуттук курамдын расмий беттештериндеги алтынчысы болуп саналды.

29-марттын жылнаамасы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан