ЖЫЛНААМА, 30-МАРТ: 6 жыл жарандык никеде жашап, 3 уулдуу болгон футболчу Серхио Рамос 34 жашка толду

Бүгүн, 30-мартта Испания курамасынын жана аталган өлкөнүн "Реал Мадрид" футболдук клубунун коргоочусу жана капитаны, мыкты футболчу Серхио Рамос 34 жашка толду.

Серхио Рамос Гарсия 1986-жылы 30-мартта Испаниянын Севилья шаарындагы Камас провинциясында төрөлгөн. Ал өзүнүн футболдук карьерасын 15 жашында "Севилья" клубунда ойноп баштаган.

2005-жылы жай айында Рамос "Реал Мадридге" 27 миллион еврого өткөн. Өзүнүн "Реалга" кошулганын жашоосундагы эң бактылуу көз ирмемдер деп эсептейт: "Мен келишимге кол койгондо алгач ишенген жокмун. Ал күнү мен жашоомдогу эң көп куттуктоолорго ээ болдум. "Реалга" өткөнүм жашоомдогу эң туура, жоопкерчиликтин жана алдыга умтулуунун кадамы болду. Ал күнү мен эртең менен турганда "Севильянын" оюнчулары менен туруп, жатаарда "Реалдын" оюнчулары: Рауль, Бекхем, Зизу, Икер, Роберто Карлос жана Роналдолор менен чогуу жаткам. Алар менин кумирлерим болчу".

"Реал" клубу менен Рамос 4 жолу Испания чемпиондугун, 4 жолу Чемпиондор Лигасын, 2 жолу Испания Кубогун, 4 жолу Испания Суперкубогун, 4 жолу клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жана УЕФА Суперкубогун 3 жолу жеңип алган.

Серхио Рамос 18 жашында алгачкы жолу Испания курамасында дебют жасаган. Өзүнүн карьерасында Рамос Испания курамасы менен Дүйнө чемпиондугун жана Европа чемпиондугун эки жолу жеңип алган. Азыркы учурда Испания курамасында эң көп оюн өткөргөн футболчу болуп келет.

Серхио Рамос сүйүктүүсү Пилар Рубиого 2019-жылдын 16-июнунда үйлөнгөн. Алар көп жылдардан бери жарандык нике менен жашап жүрүшкөн. Түгөйлөрдүн Алехандро, Марко жана Серхио деген үч уулу бар.

Кызыктуу фактылар:

  • Рамос гитарада ойногонду жана ырдаганды жакшы көрөт;
  • Спортчунун денесинде 10 татуировка бар;
  • "Депортивого" каршы оюнда Рамос Месут Өзилдин футболкасынын үстүнөн өзүнүн формасын кийип чыккан. Ал муну Өзил анын эң жакшы досу экенин жана сезондун алгачкы голун ага арнай тургандыгын билдирген.

30-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан