Буга чейин Ысык-Көл облусундагы Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында BMW-Х5 унаасынын айдоочусу болгон 41 жаштагы аял күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылган.
Бирок жабыр тарткан тарап райондук соттун чечими менен макул болбой, облустук сотко кайрылышкан. Жыйынтыгында сот жазаны күчөткөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сот күнөөлүү деп тапкан 41 жаштагы аялды 9 жылга эркинен ажыратып, 3 жыл унаа айдоого тыюу салды. Мындан сырткары сот күнөөлүү тарапка 90 миң сом өлчөмүндөгү айып салды", - деп жазылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
30-августта саат 17:35 чамасында Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден мерт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.