Ырчы Аида Кулуева кыздуу болду

Ырчы Аида Кулуева экинчи ирет эне болду. Үй-бүлөдөгү толуктоолор тууралуу ырчы айым SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"30-март күнү экинчи кызым жарыкка келди. Кызыбыздын бою 54 сантиметр, 4 килограмм 325 грамм салмакта төрөлдү. Азыр абалыбыз жакшы, акырындап калыптанып жатабыз. Атасы кызыбызга Азалия деген ысым коёбуз деп жатат. Биринчи кызыбыз Айлин жакында 6 жашка чыгат. Кудай буюруп, өзүм каалагандай кызыма шерик кылып бердим", - дейт ырчы айым.

Эске салсак, Аида Кулуева бир кезде сахнадан алыстап кеткен. Кийинчерээк "Кыялда", Кенже Дүйшеева менен "Жүрөгүм" аттуу ырларды аткарып, репертуарын жаңылаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан