Гуманитардык жардам көрсөтүү иретинде коронавирусту кыска убакытта аныктоочу экспресс-тесттерди бөлүштүрүү үчүн эпидемиолог-дарыгерлер менен биргеликте жумушчу топ түзүлдү. Ошондой эле экспресс-тесттердин 10 миӊ даанасынын 5 миң даанасын Республикалык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине өткөрүп бердик. Жарымын Оштогу бөлүмүнө узаттык. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн, 31-мартта дагы 5 миң даанасын алып келип, Саламаттыкты сактоо министрлигине бекер өткөрүп берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жумушчу топ тесттердин эффективдүүлүгүнөн күмөн санап, аларды кылдат текшерүүгө алышып, мындай тесттердин бир канча вариантына салыштырып көрүшкөн. Тилекке каршы, учурда дүйнө жүзү боюнча мындай тесттер абдан жетишсиз болуп турган учуру. Алардын көбү өндүрүп чыгаруучу ишканалардын товардык тизмесинде болгону менен учурда сатыкта жетишсиз болуп турат. Биз таажы ылаӊын аныктоочу тесттердин көбүн карап чыгып, алардын ичинен эӊ жогорку сапаттагы, мыкты деп эсептелингенин алдык.
Бул тесттер акыркы төртүнчү муундагы тесттер. Өндүрүүчүнүн Германиядан алынган лицензиясы бар (Буларды тастыктаган бардык тиешелүү сертификаттары тиркелди). Бирок коомчулукка түшүнүктүү болуш үчүн айтып кетишибиз керек. Экспресс-тесттер аэропорт, автобекет сыяктуу сырттан келүүчүлөрдү кабыл алуучу жайларда илдетти тез, алдын ала аныктоого багытталган. Алар дарыгерлер койгон так акыркы диагнозду коё албайт. Адам коронавирус илдетин чын эле жуктуруп алганбы же жокпу деген суроого жоопту дарыгер гана оорулуудан бардык тиешелүү анализдерди алгандан кийин жооп берет. "Исмаил Матрамимов" кайрымдуулук фонду дүйнө жүзүн, анын ичинде Кыргыз өлкөсүн каптап келген коркунучтуу илдеттен адам өмүрүн, ден соолугун сактап калууга аракет кылып жаткан Саламаттыкты сактоо министрлигине көмөк көрсөтүү иретинде гана жана соопчулук үчүн жардам берип келүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга чейин аталган фонддун өлкөнүн аймактарына көрсөтүлүп жаткан жардамдары тууралуу маалымдалган. "Исмаил Матраимов" фондунун коронавируска байланыштуу калкка көрсөткөн жалпы жардамы менен бул шилтемеден окусаңыз болот.