Эртең, 28-ноябрь күнү Бишкек шаарында чоң митинг өтөт дешүүдө

26-ноябрда «Ар-намыс», «Ата Журт», «Бүтүн Кыргызстан», Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы, «Кыргызстан патриоттору», «Республика» жана «Эгемен Кыргызстан» партиялары билдирүү таратышты. Анда Бишкек шаардык кеңешине шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгону белгиленет. "Биз, Кыргыз Республикасынын саясий партиялары, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор азыркы бийлик тарабынан административдик ресурс пайдалануу жана кара пиар, ыплас технологияларды колдонуу менен өттү деп эсептеп, добуштарды кайра санап чыгууну талап кылабыз. Эгер талаптарыбыз аткарылбаса, милдеттүү түрдө мэрдин отставкасын талап кылабыз" дейт билдирүүдө. Ошондой эле эртең, 28-ноябрда шаардык кеңештерге өтпөй калган партиялар Бишкекте митинг өткөрөрү, күч түзүмдөрү бүгүндөн тартып коопсуздук чараларын күчөткөнү айтылууда.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан