Парламентте 800 миллион сом ун саткан ишканаларга эмес, мамлекеттик материалдык резервдер фондуна берилиши керектиги айтылды

Депутат Тазабек Икрамов 800 миллион сом ун саткан ишканаларга эмес, мамлекеттик материалдык резервдер фондуна берилиши керек деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ишкерлер аймактарда ундун баасын кымбаттатып сатып жатат. Өкмөт 800 миллион сомду ун саткан ишкерлерге эмес, мамлекеттик материалдык резервдер фондуна бериши керек эле", - деди депутат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өткөн бейшембиде казак тарап айына 30 миң тоннага чек коюп, убактылуу ун ташууга чектөө койгонун айтты. "31-марттан бери Чоң-Капка өткөрүү пунктуна да өзгөчө режим киргизилип, эртең мененки саат 10:00дөн кечки 19:00гө чейин жүк өткөрүлсүн деген тартип киргизген", - дейт ал.

24-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновун өндүрүүчү ишканаларга 800 миллион сом насыя катары берилгенин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан