Бир суткада 17. Өлкөдө ооругандардын саны 682ге жетти (видео, хронология)

Бүгүн, 26-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын берүүдө.

2020-04-26 10:18:00

"ПЦР-тест аркылуу адам мурда коронавирус менен ооруган же оорубаганын билсе болобу?" деген суроо берилди.

Үсөнбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө ПЦР-тест аркылуу аныктоого болбойт. "Бул үчүн башка методдор колдонулат" дейт ал.

2020-04-26 10:15:00

"15 жашка чейин балдардын дарылоосу кандай өтүүдө. Алардын саны өсүүдөбү же төмөндөп жатабы?" деген суроо берилди.

"Бүгүнкү күндө мектеп жашындагы балдар бирин-экин кошулуп кетип жатат. Жалпы жонунан алганда коронавирус жуктурган балдардын саны өтө көбөйгөнү байкалбайт", - дейт министрдин орун басары.

2020-04-26 10:12:00

Министрдин орун басары: "Коронавирус аныкталгандардын саны кескин өскөн жок, бир калыпта болуп жатат. Каза болгондордун да саны өскөн жок. Ошто, Жалал-Абадда, Нарында эпидемиялык абал курч", - деди. 

2020-04-26 10:11:00

"5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 45 миң 773. Өткөн суткада 1 миң 871 изилдөө жүргүзүлгөн", - деди ал.

2020-04-26 10:10:00

"Республика боюнча 1 миң 183 адам обсервацияда жатат. COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 миң 706", - дейт министрдин орун басары.

2020-04-26 10:08:00

Өткөн сутка ичинде 5 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бишкек шаарында – 3, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда - 1. Жалпысынан республика боюнча 180 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды.

2020-04-26 10:06:00

26-апрелге карата республика боюнча 17 адамдан коронавирус аныкталды. Алар: Бишкек шаарында – 7; Ош шаарында – 1; Чүй облусунда – 1; Нарын облусунда – 2; Баткен облусунда – 2; Жалал-Абад облусунда – 2; Ош облусунда - 2.

Коронавирус жуктуруп алгандардын саны 682ге жетти.

2020-04-26 10:02:00

Министрдин орун басары билдиргендей, бир сутка ичинде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Muzik
2020-04-26 12:49:56
Баткендин кайсыл жеринен экен ?
+1
Topchu83
2020-04-26 13:15:24
кайсы райондордон чыкты так жазып койсонуздар элдер кочодо эле журот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан