Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБинде бүгүн, 1-апрелде саат 15:00дө "пропуск" алмакпыз. Бирок жарым сааттан кийин "пропуск" жок калды саат 17:00гө келгиле деп койду деп жазат "Элдик кабарга" окурман.
"Свердлов РИИБинин алдында 100дөй адам топтолдук. Аралыктарды эч ким сактаган жок. Ошондой эле ал жерде антисептикалык каражат же башка эч нерсе жок. Биз жарым саат күттүк. Бир убакта кызматкерлер чыгып, саат 17:00гө келгиле деп койду. Эмнеге алар алдын ала алышпайт? Ал жерде элдер батпай чогулуп турушат. Эмнеге оперативдүү иштешпейт?", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.