Беларусь өлкөсүнүн футбол боюнча чемпиондугунун Жогорку Лигасында ойногон "Неман" футболдук клубунун күйөрмандары коронавирус пандемиясынан улам чемпиондукту убактылуу токтотуп турууга чакырык ташташты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Биз "Неман" клубунун күйөрмандары, өлкөнүн бардык жигердүү күйөрмандарына кайрылабыз. Биз өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын кесепетинен "Неман" клубунун оюндарына катыша албай жатабыз. Бул чечим оңойго турган жок, бирок азыр эң негизгиси жарандарыбыздын ден соолугу. Биз Беларустун бардык күйөрман кыймылдарын буга чакырабыз.
Ошондой эле Футбол федерациясынын башчысы Владимир Базановду башка өлкөлөрдөй эле тайманбастык менен өлкө чемпиондугун токтотуп турууга чакырабыз. Баарыңыздарга чың ден соолук каалайбыз, өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!", - деп жазылган билдирүүдө.
Маалыматка ылайык, "Неман" футболдук клубунда Кыргыз өлкөсүнүн жаш футболчусу Эмир Шигайбаев ойнойт. Шигайбаев "Неман" клубуна ушул жылдын февраль айында кошулган.