"Кыргыз турак жай коммуналдык союз" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Кушбак Тезекбаев пневмониядан улам каза болду

"Кыргыз турак жай коммуналдык союз" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Кушбак Тезекбаев пневмониядан улам каза тапты. Бул тууралуу акын Меңди Мамазаирова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Бүгүн эртең менен Оштон суук кабар келди. Кыргыздын дагы бир мыкты инсаны, коомдук ишмер, кайрымдуу адам, асыл жар, камкор ата, мыкты жолдош Кушбак Тезекбаев дүйнө салыптыр. Кушбак Тезекбаев өпкөнүн пневмониясынан жабыр тартып, Ош облустук ооруканада дарыланып жаткан. Жакшы адам чыныгы дүйнөгө аттаныптыр. Арты кайырлуу болсун. Үй-бүлөсүнө, бала-чакаларына, тууган-туушкандарына, артында калган элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ыйманың саламат болсун иним!", - деген ал өз билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
PROS
2020-07-07 15:05:07
Вирустан каза болгондорду пневмониядан каза болду деп статистикада аз көрсөтүп, өкмөт иштеп жаткан түр көрсөтүп жатабы деген ой келет экен. Болбосо эмнеге пневмониядан каза болгондорду сак болууга чакырып жатасыңар?!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан