Кыргыз өлкөсүндө доллардын курсу уламдан улам жогорулап жатат. Бир күн ичинде анын куну дагы 1,5 сомго өстү.
Бүгүнкү күндө коммерциялык банктар америкалык валютаны 82,9 жана 83,8 сомдон алып, 84,5 сомдон сатышууда. Эки аптанын ичинде жашыл акчанын баасы дээрлик 6,5 сомго жогорулап, 85 сомго жетти. Номиналдык баасы 82,2 сомду түзүүдө.
Рублдун дагы баасы өсүүдө. Бүгүн ал 1,02 жана 1,04 сомдон алынып жатса, сатуу 1,09 жана 1,11 сомду түзүп жатат. Ал эми расмий курс акыркы күнү тескерисинче төмөндөп, 0,46 пайызга ылдыйлап, 1,0389 сомду түздү.
Эске салсак, 19-марттын кечинде АКШ долларынын курсу дароо 12 сомго, тагыраагы, 73 сомдон 85 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул абал Улуттук банктын базардан 3,7 миллион доллар сатып, интервенция жасоого аргасыз кылган. Бирок кийинки күнү курс 78 сомго чейин түшүп, 24-мартка карата абал турукташкан. Андан кийин доллар кайра жогорулап, бүгүнкү күндө жашыл акча 85 сомдун наркына кайтып келди. Буларга карабастан, Улуттук банк валюта рыногундагы жагдайды салыштырмалуу туруктуу деп эсептейт.