АКШда коронавирустун айынан 10 миллион адам жумушсуз калды

АКШда коронавирустун айынан 10 миллион адам жумушсуз калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Эмгек министрлигине жумушсуздук үчүн жөлөк пул сурап кайрылгандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Эки жумада 10 миллион адам жумушсуз калган. Буга өлкөдө жайылып жаткан коронавирус себеп болгон.

Бир катар штаттарда чектөөлөр коюлуп, миңдеген кызмат көрсөтүүчү мекеме-ишканалар жабылды.

Коронавирус тездик менен жайылып жаткан АКШда бир суткада 31 миң 306 адам вирус жуктурган. 2-апрелге карата көрсөткүч 213 миң 372 болсо, 3-апрель күнү 244 миң 678ге көбөйдү. 9058 жаран илдеттен арылып, ооруканадан чыгарылса, 5911 адам дүйнө салды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан