АКШнын круиздик лайнериндеги Кыргыз жарандарынан коронавирус аныкталган жок

АКШнын Калифорния штатындагы "Grand Princess" круиздик лайнериндеги эс алуучулардын арасында коронавирус менен жабыркагандар бар экени аныкталган. 9-мартта Тышкы иштер министрлиги круиздик лайнерде 2 Кыргыз жараны бар экенин, алардын абалы жакшы экени кабарлаган.

Бүгүн министрликтен Кыргыз жарандары карантинди улантып жатканын маалымдашты.
"13-мартта Кыргыз жарандары карантинди улантуу үчүн АКШнын Жоржия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлдү. Бир нече жолку тесттердин жыйынтыгына ылайык, Кыргыз жарандарынан коронавирус жок экени аныкталды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн эки жараны 14 күндүк карантинден өткөндөн кийин үйлөрүнө кеткенге мүмкүнчүлүк алышат", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2020-03-18 18:03:01
Бизге келгенде да изолятордо кармагыла,сураныч
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан