Бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгондордо инкубациялык мезгили аяктайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйында билдирди.
"Коронавирус аныкталган алгачкы оорулуулар менен байланышта болгон жарандарда инкубациялык мезгил аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз", - дейт ал.
Коронавирустун биринчи белгисинин пайда болушуна чейин өтө турган убакыт - 14-21 күн. Кыргыз өлкөсүндө вируска чалдыккан алгачкы жаран 18-мартта катталган.