АКШда август айына чейин коронавирустан каза болгондордун саны 135 миңге жетиши мүмкүн

Жүрөктүн үшүн алган божомолдорго ылайык, АКШда каза болгондордун саны август айына чейин 135 миңге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта АКШнын көптөгөн штаттарында киргизилген чектөөлөр жумшартылып жатат. Мисалы, Жоржи жана Техаста кинотеатрлар, ресторандар, дүкөндөр жана сулуулук салондору жакында ишке кире баштайт. 2 штат тең Ак Үй берген сунуштарга баш ийген эмес.

АКШнын бийлиги үчүн түзүлгөн божомолдордо оору жуктургандардын жана андан көз жумгандардын саны май айынын ортосунда өсөт. 1-июнда суткасына каза болгондордун саны 3 миң адамга чейин жетсе, ооругандардын саны 200 миңге чыгышы мүмкүн.

Ак Үйдүн иш тобунун дарыгери Энтони Фаучи бул божомолдор ал үчүн ачылыш эмес экенин айткан.

"Мен мындай божомолго таң калбаганымдын себеби бул вирустун адамдан адамга жугушунун феноменалдуулугунда. Мындай өзгөчөлүктөргө бир гана кызамыктын вирустары ээ", - деп билдирген Фаучи.

Буга чейин адистер 1 августка чейин коронавирустан 60 миңден ашуун адам каза болот деп божомолдошкон. Бирок ал чекти АКШ азыр эле басып өттү.

АКШда учурда 1 миллион 228 миң 177 адам оору жуктурган. Андан 189 миң 910 бейтап ооруканадан айыгып чыгып, 73 миң 207 бейтап вирустан көз жумду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан