Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай маалыматты Каракол шаарынын мэриясы тараткан.
Маалыматта аталган үй карантинге алынган эмес, болгону дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөнү белгиленген.
"5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, шаардык штаб үйдү курчоого алууну чечкен. Анткени бул үйдүн жашоочуларынын биринде COVID-19 вирусунун белгилери табылган. Ал жаран 30-марттан бери 5 үй-бүлө мүчөсү менен облустук бириккен ооруканада обсервацияда жаткан. Бул жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалаган эмес. Ошондуктан жашаган үйүнө өзгөчө карантиндик макам берүү боюнча чечим кабыл алынган. Аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө сварка аппаратын колдонуу менен подъездин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн", - деп билдиришкен Каракол шаарынын мэриясынан.
Буга чейин социалдык тармактарда "Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйдүн кирүүчү эшигин ширетип салышты. Анткени ал жакта коронавирус аныкталган жаран жашачу экен" деген маалымат тараган.