Бүгүн, 6-апрелге карата өлкө аймагында 69 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Калк арасында бир сутканын ичинде мынчалык чоң көрсөткүч кайдан пайда болду деген суроо жаралууда. Бул суроого Саламаттыкты сактоо министрлиги төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
"Кечээ күнү 12-13-мартта кичи ажылыктан келген жарандардан алынып, тоңдурулган пробаларга тестирлөө жүргүзүлгөн. Анализдер 17-марттан баштап обсервацияда жаткан жарандардан алынган.
ПЦР-диагностика кылуу үчүн реагенттер жок болгонуна байланыштуу кичи ажылыктан келген жарандардан өз убагында тест жасалбай калган. Бирок жарандарды өз убагында обсервацияга жаткыруу менен коронавирустун калк арасында жайылуусунун алдын алдык.
Азыркы учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги керектүү бардык каражаттар менен камсыз болгон жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңеши менен ПЦР-тест жүргүзүүнү улантууда. Жалпысынан 8000 проба тоңдурулуп, 5-апрель күнү 800 анализ тесттен өткөн. Мындан ары диагностика иштери да тездетилет. Тестти үнөмдөө максатында 5-10 үлгү бир пробиркага салынып, баарына бир тест коюлат. Эгер андан вирус аныкталбаса, 10 адамдын баары таза болуп чыгат. Эгер вирус чыкса, анда ар бир үлгүгө өзүнчө тест жүргүзүлөт. Жалпысынан Кыргыз өлкөсүнө 2 200 тест келген, бүгүн дагы Орусиядан 20 миң тест келет", - дейт министрлик.
Буга чейин 3-апрелде жаңы дайындалган министр Сабиржан Абдикаримов биринчи жолу өткөргөн брифингде дээрлик ар бир экинчи адамдын анализи тест-системдин тартыштыгынан чыкпай турганын ачык айткан. "Лабораторияга изилдөө үчүн 17 миң 911 кишиден анализге материалдар келген. Анын ичинен 9 миң 730у аныкталып, алардын ичинен 130унан коронавирус чыкса, калган 9 миң 600үнөн илдет чыккан эмес. Ал эми 8 миң 188и тест-системдин жетишсиздигинен консервацияланып, лабораторияда сакталып турат", - деген Сабиржан Абдикаримов.