Бүгүн, 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү абал боюнча маалымат берүүдө. Маалымат брифинги онлайн режимде өтүп жатат.
Ысык-Көлгө качантан баштап эс алууга барса болот?
"Сезондун башында Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги атайын бир тартиптерди иштеп чыгышат деп ойлойм. Андан кийин Ысык-Көлгө эс алууга кандай жолдор менен барууга болору анык болот", - деди Боронов.
Кубатбек Боронов карантин жарыялангандан бери анын эрежелерин бузган 36 адамга айып салынганын айтты. Аларга салынган жалпы айыптын көлөмү 108 миң сом болсо, анын 36 миң сому өндүрүлгөн.
"Быйыл Орозо айт намаз кандай өтөт?" деген суроо биринчи вице-премьер-министрге берилди.
"Башка өлкөлөр бул боюнча түрдүү чечимдерди кабыл алып жатышат. Бул маселе тиешелүү тараптар менен сүйлөшүлгөндөн кийин чечилет. Менимче, бүгүн-эртең Орозо айт намазы кандай форматта өтөрү белгилүү болот", - деди Боронов.
Кечээ обсервациядагы ызы-чуудан кийин штаб башка обсервациядагы адамдар да нааразы болуп чыгышат деп чочулаган жокпу?
"Жок, чочулаган жок. Себеби биз аларды жөндөн жөн обсервацияда калтырган жокпуз. Алардын анализи керек болчу. Андыктан алдын ала түзүлгөн алгоритм менен иштейбиз. Башка обсервациядагылар муну түшүнөт деп ойлойм", - деди Боронов.
"Семетей" обсервациясында чыр салып, таш ыргыткандарга чара көрүлөбү?
"Ооба, ал жердеги абал тыкыр изилденет. ИИМ муну көзөмөлгө алды. Иликтенгенден кийин мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзгөндөрү аныкталгандар болсо чара көрүлөт", - деди Боронов.
Кубатбек Боронов 21-майда андан кийин 25-майда бир топ коомдук, тейлөө жайлары ишке кире турганын билдирип, бирок ошондо да элди себепсиз эле көчөгө чыгуудан алыс болууга чакырды.
"Баары бир ооруну жугузуп алуу коркунучу бар. Ошондуктан бейчеки эле көчөгө чыгып, эс алуу жайларына баруудан алыс болуңуздар", - деди Боронов.
"Эгерде 21-майдан тартып жарандар эрежелерди сактабаса, кайрадан катаал чаралар кириши мүмкүнбү?"
"Ооба, эгерде жарандар талаптарды так сактабай койсо биз карантиндин катаал чараларын кайра киргизүүгө аргасыз болобуз. Анткени өлкөдөгү абалды медицина тармагы гана жөндөй албайт, буга бардык жарандардын тиешеси, салымы бар", - деди Боронов.
21-майдан баштап кайсы тармактар иштейт?
* Калкты тейлөө борборлору, Мамлекеттик каттоонун бардык тармагы ишке кирет;
* Автоунааларды тейлөөчү борборлор;
* Калкты тиричилик жактан тейлөө, саат оңдоо, техника оңдоо жана башка жайлар;
* Эмерек чогултуу, эмерек жасоо жайлары;
* Соода борборлору, соода оюн-зоок борборлору иштейт. Андагы тамактануучу жайлар жана балдар ойногон жайлардан башка орундары иштейт.
* Азык-түлүк эмес товарларды сатуу пункттары ишке кирет;
* Автоунаа базарлар жана мал базарлар иштей баштайт;
* Менчик мончо жана СПА-борборлору иштейт. Коомдук ири мончолор жана сауналарга уруксат жок.
* Мейманкананын иштешине уруксат, бирок андагы бассейн жана спорт залдарды иштетүүгө тыюу салынат.
25-майдан баштап иштей турган тармактар:
* Соода-сатык чөйрөсүндөгү кийим-кече сатуучу жайлары;
* 50дөн ашпаган адамга ылайыкталган коомдук тамактануучу жайлар, кафе, ресторандар, жайкы кафелер иштесе болот. Бул жерде талап - ар бир столдун аралыгы 1,5-2 метрди сакташы керек. Чакан тамактануучу жайлар - фут-корддордун иштөөсүнө тыюу салынат.
* Кинотеатрлар иштесе болот.
* Бул күндөн тартып автобус, троллейбус жана айрым кичи автобустардын жүрүшүнө уруксат берилет. Коомдук транспорт боюнча да өзүнчө эрежелер бар. Бардык жүргүнчүлөр да, айдоочулар да бет кап тагынуу, элди толтуруп албоо жана башка эрежелер бар.
"Бул тармактар ишке киргенден кийин бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталышы керек", - деди Боронов.
Боронов чет элден жардамга келген медициналык каражаттарга токтолду.
"Жакында эле Кытай Эл Республикасынан дагы жардам келди. Анда 30 миң респиратор, 30 миң көз айнек, 150 миң бет кап келди", - деди ал.
Өлкөдө карантин жарыялангандан бери 87 миңден ашык экспресс-тесттер иштетилди.
"Жасалма дем алдыруучу аппараттар боюнча айтсам, азыркы мезгилде өлкө аймагында 649 аппарат бар. Бүгүнкү күндө бул аппараттар жетиштүү, иштебей турган аппараттарды оңдоо иштери жүрүп жатат. 134 аппарат оңдолуп ишке берилет. 8 аппарат жардамга келген, дагы 80 жасалма дем алдыруучу жабдык сатып алуу планда бар", - деди Боронов.
Боронов: "Коронавирус жуктурган медицина кызматкерлердин 80 пайызы оорудан айыгып жумушка чыгып жатышат. Азыркы тапта коргоочу каражаттар аларга жетиштүү, бул жаатта маселе жок. Коргонуучу каражаттар менен коронавирусту жоюу иштерине тартылган бардык кызматкерлер камсыздалган".
Коронавирус катталган очоктогу жашоочуларды текшерүү боюнча да мобилдик топтор түзүлгөн. 130 миң 96 үйдүн жашоочулары да медициналык кароодон өткөрүлөт. Бул инфекция чыккан очокторго жакын жашаган адамдар. Абалга ылайык, алар жөн эле медициналык текшерүүдөн өтөт, керек учурда тест берет, айрым учурда ПЦР анализ да алынат.
Буга чейин 603 миң үйдөгү жашоочулар текшерүүдөн өтүп, арасынан 6 адамдан коронавирус аныкталды.
Бир ай ичинде жүк ташуучу транспорт айдагандардын арасынан 32 адамдан коронавирус аныкталган.
"Чек арадан өтүп кирген унаалардын айдоочулар арасында оору аныкталгандар көбөйүп жатат. Бул жаатта алгоритмди өзгөртүү зарылчылыгы турганын түшүндүк. Эми чек арадан киргендерди текшерүү дагы күчөтүлөт. Эми алар чет өлкөгө кирип чыгууга да аргасыз болуп жатышат", - деди Боронов.
Боронов Соль-Илецктен келип, обсервацияда чыр чыгаргандар боюнча токтолду. Ал үй карантинге чыгаргыла деген талапты койгон жарандардын айткандарын дароо аткаруу мүмкүн болбогонун айтты.
"Бул боюнча көптөгөн талкуулар болуп, өкмөттүн, штабдын дарегине карата түрдүү пикирлер айтылды. Соль-Илецктен келгендердин көбүнөн коронавирус чыкканын баары билет болчу. Андыктан калган жарандарды дароо үй карантинине чыгарып жиберүү кооптуу болчу. Качан гана кайталап алынган анализдер таза чыкканда ошол адамдар үй карантинине жиберилди", - деди Боронов.
Кубатбек Боронов мекенден сыртта жүргөн жарандарга кайрылды.
"Сиздер билесиздер башка мамлекеттерде жүргөн мекендештерибизди алып келүү аракеттери кызуу уланууда. Сиздер бизди түшүнүңүздөр, алып келүү эки мамлекеттин сүйлөшүүсүнүн негизинде чечилет. Биз келүүгө муктаж болуп жаткан бардык жарандарыбызды алып келүүгө аракет жасайбыз", - деди ал.
17-апрелден 18-майга чейин, тактап айтканда, бир ай ичинде 17 авиакаттам жана 6 автобус менен сырттан 3 миң 500 мекендешибиз өлкөгө алып келинген.
Бороновдун айтымында, өлкөдө коронавирус аныкталгандардын 29 пайызын сырттан келгендер түзгөн. Ал эми инфекцияны жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин дээрлик басымдуу бөлүгү оорудан айыгып кайрадан жумушка чыгып иштеп жатышат.
"Азыр байкасаңыздар ооруну жуктурган медицина кызматкерлери азайды", - деди ал.
Боронов сөзүн өлкөдөгү коронавирус менен ооругандардын саны менен баштады. Ага ылайык, ушул кезге чейин 1 миң 243 адам инфекцияны жугузуп алган.