Бүгүн, 7-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев менен Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов онлайн маалымат жыйын берди. Азиз Суракматов шаардагы супермаркеттерде ундун жетишсиздиги жарала электигин айтты.
"Азырынча супермаркеттерде ундун жетишсиздиги жарала элек. Балким ал жакка унду жеткирүү кечиктирилип жаткандыр. Ал эми бааларды көзөмөлгө алып жатабыз. Доллардын куну жогорулаганына байланыштуу чет өлкөдөн импорттолгон товарлардын баасы бир аз жогору болууда.
Бардык иштеп жаткан супермаркеттер 2-3 күндө бир дезинфекцияланып турат. Мындан тышкары лифттер, таштанды салуучу урналар дагы дезинфекцияланат", - деп билдирди шаар мэри.