Бишкек шаары боюнча кайгуул милициянын инспекторлору жолдордогу коопсуздукту камсыздоо максатында жол кыймылынын эрежелерин бузуунун алдын алуу жана токтотуу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Анда төмөнкү документтерди текшерүү жүргүзүлөт:
- жарандыгы тууралуу күбөлүгү;
- иштеген, жашаган жеринен маалым кат;
- маршруттук баракча;
- айдоочулук күбөлүгү;
- унаанын документтери;
- адистик өткөрмө.
Текшерүүлөр "Коопсуз шаар" боюнча төлөнбөгөн айыптарга жүргүзүлөт, өчөшүп төлөбөй жүргөндөрдүн автоунаалары айып төлөнүүчү жайга токтотулат.
"Айрым айдоочулар карантиндик аймактарда туура эмес иштерди жасашууда. Алар жарандарды ооруканага алып баруу же пенсионерлерге азык-түлүк жеткирүү шылтоосу менен өздөрүнүн жеке иштери менен жүрүшөт. Ошондой эле жарандар санитардык-карантиндик посттордун кесилиштеринен өздөрүн ыктыярчы деп тааныштырып, жол кыймылынын эрежелерин сактабаган фактылар бар", - деп айтылат маалыматта.