Ленин РИИБинин жетекчиси Мадияр Кулуев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мадияр Кулуев өзү билдирди.
"Эртең менен жумушка келсем эле мени жумуштан бошотулдуң дешти. Мен өзүм дагы түшүнбөй калдым. Буйрук дагы чыгып калыптыр. Менин кызматкерлерим деле эч кандай тартип бузган эмес. Ошондой эле мага карата арыздар да жок. Эмнеге экенин түшүнбөй калдым. Алдыда маалымат жыйын берем", - деди ал.
Буга чейин социалдык тармактарда Мадияр Кулуев тарапка бир канча даттануулар болгон.