2020-жылдын январь айында Таластан алып келинген Жаабарс аттуу илбирстин учурдагы абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери билдиришти.
Аталган мекеменин маалымат кызматы ырастагандай, учурда ак илбирстин ден соолугу турукташып калганы менен анын көрүүсү калыбына келген эмес.
"Атайын жөнөтүлгөн кызматкерлер Жаабарстын абалын текшерип жана ага жардам катары эт азыгын берип кетишкен. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирослав Аманкулов айлана-чөйрөнү коргоо биримдигинин башчысы Алмаз Мусаевге ак илбирсти бардык дары-дармектер жана азык менен камсыз кылууну тапшырды. Жаабарс учурда өзүн жакшы сезип жатат, негизги тамагынан тышкары, ал витаминдерди жана антибиотиктерди алып жатат. Ак илбирстин абалы Мирослав Аманкуловдун жеке көзөмөлүндө турат", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, 2020-жылдын 9-январында Таластагы жергиликтүү тургундар жана Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери көзүнөн жарадар болгон ак илбирсти кармашкан. 10-январь күнү аны дарылоо үчүн Бишкек шаарына алып келишкен.