АКШ ФИФА уюмун Орусияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү үчүн пара алган деп айыптады

АКШнын Юстиция министрлиги Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) өкүлдөрүн 2018-жылы Орусияда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү үчүн пара алган деп айыптады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Юстиция министрлиги ФИФАнын мурдагы вице-президенти Жек Уорнер Орусияда Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө добуш берүү үчүн 2010-жылдын ноябрь айынан 2011-жылдын апрель айына чейин 5 миллион доллар алгандыгын билдирген. Бул акчалар Кипрде жана Улуу Британиянын Виргин аралдарында катталган компаниялар аркылуу которулган.

2016-жылы 1998-жылы жана 2010-жылдардагы Дүйнө чемпиондугун өткөрүп берген өлкөлөрдүн шайлоолорунда добуштарды сатып алуу фактысын тастыктаган документтер берилген. Жек Уорнер, анын уулу Даряьн жана уюмдун мурдагы комитет мүчөсү Чак Блэйзер коррупциялык схемаларга катышкандыгы аныкталган.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2018-жылдын 14-июнунан 15-июлуна чейин Орусиянын 11 шаарындагы стадиондордо өткөн. Бул Дүйнө чемпиондугун Франция курамасы жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан