Коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөдөн келе албай жаткан 2000ден ашуун жарандарына Орусия күнүнө 2400 рубль төлөп турат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
7-апрелге карата чет өлкөдөн мекенине келе албай жаткан 2000ден ашуун орусиялык жарандар өкмөттүн жардамын алууга арыз калтырышкан. Аларга күнүнө 2400 рубль жана 14 жашка чейинки балдарга 1600 рубль төлөнмөкчү. Жардам сурап кайрылгандарды каттоо уланууда.
Маалымат катары, мындай жардам 16-марттан 31-майга чейин Орусияга билет алып койгондорго берилет. Коронавирус эпидемиясынан улам эл аралык авиакаттамдар токтотулганына байланыштуу 26 миңге жакын орусиялыктар чет өлкөлөрдө калып, мекенине келе албай жатышат.