Вице-премьер-министр, министрлер жана мамлекеттик мекеме жетекчилери медициналык мекемелердин жана стационарлардын ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоо маселелери боюнча куратор болуп бекитилди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталы – вице-премьер-министр Акрам Мадумаров;
№1 шаардык клиникалык оорукана - вице-премьер-министр Эркин Асрандиев;
Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасы – вице-премьер-министр Аида Исмаилова;
«Семетей» обсервациясы – өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров;
Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы – тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;
Улуттук урология борбору – юстиция министри Марат Жаманкулов;
Улуттук фтизиатрия борбору – маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов;
Темир жол ооруканасы – транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов;
Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институту – эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров;
Улуттук онкология борбору - эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров;
Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору – коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев;
«Континент Интергельпо» обсервациясы – маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов;
№2 төрөт үйү – өкмөткө караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фондусунун төрайымы Эльнура Боронбаева;
Көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын билим берүүчү мектеп-интернаты – мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев;
А.Каниметов атындагы №1 интернат – мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов;
№6 шаардык клиникалык оорукана – Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров.