Саламаттыкты сактоо министрлиги 8-апрелде COVID-19 инфекциясын жуктуруу очокторунда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине март айынын компенсациялык төлөмдөрүн бере баштады. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Төлөмдөр эки категорияга бөлүнгөн:
1) карантиндик-казармалык абалдагы кызматкерлер үчүн;
2) күндүзгү нөөмөт графиги менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн.
Компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү:
- дарыгерлер үчүн 46 миӊ сомго чейин;
- орто медперсонал үчүн 41 миӊ сомго чейин;
- кенже тейлөөчү персонал үчүн 38 миӊ сомго чейин;
- нөөмөт графиги боюнча иштегендерге 29 миӊ сомго чейин.
“Төлөмдөрдүн өлчөмү медицина кызматкеринин категориясынан жана жуктуруу очокторунда жүргөндүгүнөн көз каранды”, - деп белгиледи Саламаттыкты сактоо министрлигинин финансы башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов.