"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан жабыркагандардын саны 118 миллиондон ашты

Бүгүн, 12-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 118 миллион 455 миң 888 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 67 миллион 95 миң 624 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 628 миң 453 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 214 миң 412 болду. 530 миң 712 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 285 миң 561 адамдан аныкталды. 158 миң 189 адам каза болсо, 10 миллион 938 миң 146 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 11 миллион 277 миң 717 адам вируска кабылган. 272 миң 889 бейтап көз жумса, 9 миллион 938 миң 656 бейтап оорудан сакайды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан