Казакстандын Акмола облусундагы карылар үйүндө 34 киши коронавирус менен ооруп жатканы белгилүү болду. Казак басылмаларынын маалыматы боюнча, карылар үйү аталган облустагы Ак кайың айылында жайгашкан.
Буга чейин карылар үйүндөгүлөр жана андагы кызматкерлердин баарынан коронавируска тест алынган. Алынган тесттин жыйынтыгына ылайык, 34 адамдан вирус аныкталды. Алардын арасында 1963-жылы туулган карылар үйүнүн кызматкери дагы бар. Ооруга кабылганы аныкталган жарандардын баары 2-апрелде коронавирустан каза болгон 73 жаштагы киши менен жакын байланышта болушкан.
Карылар үйүндө коронавирустан каза болгон биринчи бейтап 2-апрелде, экинчи бейтап 6-апрелде катталган деп жазылат маалыматта.
Учурда коңшу өлкөдө коронавируска чалдыккандар 764 болсо, анын 58и айыкты. 7 киши каза болду.