Коронавируска каршы вакцинанын таасири кандай болот? Жооп

Коронавируска каршы вакцинанын таасири кандай болору тууралуу республикалык штаб билдирүү таратты.

Вакциналар организмдеги табигый коргонуу элементтери аркылуу ооруларга туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Адам эмделгенде анын иммундук системасынын коргонууга жөндөмү артат. Анын жыйынтыгында:

  • денеге кирген вирус же бактерия сыяктуу микробду тааныйт;
  • антителолорду иштеп чыгат (антителолор - ооруларга каршы туруу үчүн адамдын иммундук системасы тарабынан табигый жол менен иштелип чыккан белоктор);
  • оорунун түрүн жана ага каршы күрөшүүнүн жолун жаттап калат. Адам ошол эле микробдун таасирине кабылган учурда, анын иммундук системасы оорунун белгилери байкалганга чейин жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот;
  • вакцина ооруга чалдыкканга чейин организмдеги иммундук системанын сыркоолорго каршы таасирин күчөтүүчү, коопсуз жана акылдуу ыкма болуп саналат;
  • адам вакцинанын бир же бир нече түрүн алгандан кийин адатта жылдар бою, ал тургай өмүр бою оорулардан корголушу мүмкүн;
  • оору пайда болгондон кийин аны дарылоонун ордуна, вакциналар биринчи кезекте илдетти алдын алат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан