Бүгүн, 11-апрелде Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берди.
"Бишкек шаары боюнча коомдук коопсуздук кырдаал туруктуу. Шаар боюнча 32 чоң блокпосттор коюлган. Өткөн сутка ичинде коменданттык саат эрежесин 57 адам бузду. Алардын 49у эркек, 8и аял киши", - деп билдирди комендант.