Орусиянын Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропортунда калып калган Кыргыз жарандары бүгүн хостелден чыгарылып жатканы айтылды

Орусиянын Новосибирск шаарындагы "Толмачево" аэропортунда калып калган Кыргыз жарандарын бүгүн, 11-апрелде хостелден чыгарып, эми калган күндү өз чөнтөктөрүңөрдөн чыгарып төлөп, жашагыла деп элчиликтен айтып кетишти дейт SUPER.KG порталына ал жерде жашап жаткан мекендешибиз.

Маалыматка ылайык, ал жерге башкы консулдук жана элчиликтен кызматкерлер барышкан. Алар кылган иш-аракеттери жакшы жыйынтык болбой жатканын айтып, абалды туура түшүнүүнү айтышкан.

"Биз азыр эмне кыларыбызды билбей калдык. Бизди хостелден чыгарып жатышат. Себеби бүгүндөн баштап силерге акча төлөгөн эмес. Бөлмөлөрдү бошоткула деп хостелдин администрациясы айтып кетти. Эми эмне кылабыз. Өлкө башчы биздин билдирүүбүздү угуп, тезинен бизди өлкөгө алып кетпесеңиз абалыбыз жаман", - деп билдирди азыр ошол жерде жүргөн мекендешибиз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Samatalibei
2020-04-11 16:52:56
Ушул мигрантарыбызга кыйын болду. Ар жерде конуп көчүп күн өткөрүшүп ооруу жугузбаса болделе. Бийлик тараптан жардам болбодуго! Башка айла жок болсо Новосибирск шаарында 1ай жашап турсанар болот. Башка шаарларга караганда баары арзанчылык, кварплат бир кишиге 3000рубл азык түлүкө тыйын таап жашап тургула. Новосибирск шаарында кыргыз бир туугандар аябай көп ушундай учурда колдоо көрсөтүп койушса жакшы болмок.Октябрьский райондо бош батирлер бар ЭМЖКАДА. Туура кабыл алгыла.
+3
nazarnew
2020-04-11 17:49:07
ХХХХХ чек ара жабык экенин билип туруп келбей тургулачы, өзүбүз вирусту эптей албай атсак силер ташып киресинер, бул жакта жаш балдар карыгандар бар, аларды ойлонгулачы, силердин айынардан өлүп калышса чоң күнөөгө батасынар, биз деле ачкадан чыдап атабыз карантинде, чыкпагылачы, дос тууган тааныштарынардыкына барып тургула, майга чейин кичине чыдап тургулачы, өлүп калбайсынар.
+4
Ergeshev.77
2020-04-12 10:19:05
nazarnew,Сени корот элем талаада калганында,кочодо коздорунду жалдыратып,сен азыр Кыргызтанда туруп таанышындын уйуно батасынбы? Рахмат ошол жердеги боордошторго соонун конул айтыпсын!!!
-1
nnn.sss
2020-04-12 12:24:48
Ergeshev.77,Чет жака чыгып бараткан адам озуно гана жоопкерчиликти алып чыгат, жоопкерчилик ала албайсынбы отур уйундо. Жыргаганындан барыптырбы дейсинер, Кыргызстанда деле жумуш толтура иштеген адамга, квартираларынан чыкпай тынч отура беришсе болмок, ызылдап аарыдай уйулуп албай,вечно мындай жашоо болбойт, отот жакында.
0
chake
2020-04-11 18:30:00
Кыргызстанга келип эмнени кыйратат булар бизде деле карантин эч ким эч кайда чыкпайт үйдө жатабыз
+5
bond02
2020-04-11 18:47:12
Эмнеге коронавирус чыкканда билет ала коюшат дейм да.
+5
bond0202
2020-04-11 19:06:07
мадумаров байкенерди чакыргыла,шайлоодо аябай колдойсунар.бул жакта ар нерсени тантып элдин кыжырына тийип атат.кыйын экен алып келсин барып.шайлоо болсо биринчи россияга жонотот агенттерин
+3
Alfiya
2020-04-11 20:58:43
Озу биз догурунганды аябай эле жакшы коробуз да. Кааласан да кыласын каалабасан да кыласын деп догурунуп эле басып журобуз. Жылуу ордунарды суутпай ошол жакта жашап турсанар болот го, карантин бутсо кайра иштей бермексинер, ушундай эле келгинер келип жатса жол ачылганда келмексинер. Именно ушундай кырдаалда срочно барышыбыз керек деп догурунуп аэропортко барып алганынар адамгерчиликке да жатпайт атанардын торундо журбогондон кийин ...
+2
ika8086
2020-04-11 22:18:23
Alfiya,башка тушкондо билесин тууганым,билип жоноду дейсинби же жыргагандан жоноду дейсинби байкуш миграттар,биринин документинин срогу буткондур,бири ар кандай шарттан мажбурдугунан жоногондур,биринин паспорту дегендей 5кол тен эмес бугункудон эртенин эмне болгонун озунда билбейсин анчалык чон суйлобо оозун куйуп качандыр бир куну ошолордун башына келгени сенин желкене отурганын билбей каласын
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан