Парламент комитетинде медицина кызматкерлеринин укуктарын өзгөчө абал учурунда коргоого багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Парламент комитетинде медицина кызматкерлеринин укуктарын өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген учурда коргоого багытталган мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунун демилгечилери Гүлшат Асылбаева, Наталья Никитенко жана Альфия Самигуллина.

Самигуллина аталган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринин медицина кызматкерлеринин укуктарын өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген учурду коргоого багытталганын белгиледи. Ошондой эле алардын өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруунун кепилдиктерин аныктоо керектигин кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Улан Примов мыйзам долбоорунда менчик медициналык жайлардын кызматкерлеринин да укугун унутта калтырбоо сунушун берди. Ал эми депутат Руслан Казакбаев мыйзамга карата тармактык серепчилердин пикирине кызыгып, медицина кызматкерлерин шыктандыруу зарылчылыгына токтолду.

Мындан тышкары демилгечилердин бири Наталья Никитенко мыйзам долбоору боюнча сунуштар социалдык тармактар аркылуу келип түшкөнүн айтты. Шыктандыруу коэффициентин жогорулатуу маселеси экинчи окууда эске алына турганын кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда Бюджет жана финансы боюнча комитетинде колдоо тапты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан