Финансы министри: "Узак мөөнөттүү насыяларды алуу боюнча бир катар ресурстарга кайрылууга туура келди"

Бүгүн, 11-апрелде Өкмөт үйүндө финансы министри Бактыгүл Жээнбаева өлкөдөгү финансылык абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаалдан чыгуу боюнча өкмөт тарабынан жасалып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтылды. Анын ичинен Кыргыз өлкөсүнүн үч багытта колдонуу үчүн алынып жаткан жеңилдетилген насыялары тууралуу маалымат берилди.

"Узак мөөнөттүү насыяларды алуу боюнча бир катар ресурстарга кайрылууга туура келди. Кыргыз өлкөсү үчүн алардын насыя берүү мөөнөтү жана пайыздык чендери да алгылыктуу.

Алсак: Эл аралык валюта фонду 0,7 пайыздык чен менен 10 жылдык мөөнөткө чейин насыя берет;

  • Азия өнүктүрүү банкы 1 пайыздык чен менен 30 жылдык мөөнөткө чейин;
  • Дүйнөлүк банк 0,75 пайыздык чен менен 38 жылдык мөөнөткө;
  • Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду 20 жылдык мөөнөткө чейин жеңилдетилген насыя берет.

Бул берилген насыянын шарттарында ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр дагы каралган", - дейт өлкөнүн финансы министри.

Мындан тышкары Бактыгүл Жээнбаева Кыргыз өкмөтү жеңилдетилген насыяны гана тартып келбестен, аларды гранттар менен кошо алып жатканын белгилеп өттү.

"Жеңилдетилген каржылоону тартып келүү, өлкөнүн өнүгүшү үчүн чечүүчү мааниге ээ. Алынган каражаттарды туура пайдаланса, ал туруктуу инклюзивдүү өсүшкө жардам берет. Каржылоо үч багыт боюнча тартылууда. Алар:

  • бюджетти колдоо боюнча;
  • COVID-19 менен күрөшүү үчүн каражаттарды алуу боюнча;
  • ишкерликти колдоо үчүн каражаттар.

Сүйлөшүүлөр 15тен ашуун өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жүргүзүлүп жатат. Насыянын бир бөлүгү экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүүгө: айыл чарбасына, суу менен жабдууга, энергетика жана келечектеги экономикалык өсүшкө өбөлгө түзө турган ички түзүмдүк долбоорлорго жумшалат. Белгилей кетсек, насыялардын дагы бир бөлүгү чакан жана орто бизнести, фермерлерди жана айылдык ишкерлерди колдоого жумшалат", - дейт Жээнбаева.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан