"Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерге гуманитардык жардам алууга тыюу салган эмес" дейт министрликтин өкүлү

Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерге гуманитардык жардам алууга тыюу салган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда аталган министрликтин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.

Ал "дарыгерлерге гуманитардык жардам алууга тыюу салынды" деп социалдык тармактарга тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан гуманитардык жардамды кабыл алууга тыюу салган расмий буйруктар болгон эмес, мындай көрсөтмөлөр өлкөнүн региондоруна жөнөтүлгөн эмес. Биз саламаттыкты сактоо тармагына керектүү жардам көрсөткөндөргө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан