Окумуштуулар курамында D витамини бар азыкты колдонуу жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртып, ар кандай оорулардан сакайтарын айтышкан. Бул тууралуу "Human Nutrition and Dietetics" (Диетология жана адамдын тамактануусу) журналына жарыяланган.
Андагы макалага ылайык, жүрөктүн иштешине байланыштуу 11 жылдык изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарылган.
"Изилдөөгө 1514 эркек жана 1528 аял киши катышкан. Эксперименттин катышуучулары курамында D витамини бар азыктарды 11 жыл бою колдонуп келишкен. Изилдөө жүргүзүүдө азык-түлүктөрдүн курамында D витаминин аз, орточо жана жогорку дозасы барлары тандап алынып, ага жараша адамдарды топторго бөлүшкөн. Натыйжада D витамининин дозасы көп болгон азыктарды колдонгон эркек жана аял кишилерде жүрөк-кан тамыр оорулары аз кездешкени аныкталган", - деп жазылат маалыматта.
Курамында D витамини бар азык-түлүктөргө төмөндөгүлөр кирет: