11-апрель күнү Бишкек шаарынын Туңгуч кичи районунда орун алган жол кырсыгынан жаракат алган 4 жаран ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"11-апрель күнү саат 19:30 чамасында Курманов жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаа менен Тойота Альтеза унаасы кагышып, 4 адам жаракат алган. Алар 21 жаштагы Д.С. жана О.Б., 25 жаштагы А.А. жана Б.М. болгон. Жабырлануучулар "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.