Сауд Арабияда аялына унитаздагы суудан кошуп чай демдеп берген блогер 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн же 800 миң доллар айып төлөйт

Сауд Арабияда Хани Халавани аттуу блогер аялы Алануд Яманиге унитаздагы суудан кошуп чай алып келип берген. Муну ал күлкүлүү тамаша катары эсептеп, интернетке жүктөгөнү жазылат чет элдик маалымат булактарында.

Видеодо көрүнгөндөй блогердин аялы чайды бир ууртап көрүп, кандайдыр бир шек санап жаткандай түр көрсөтүп, жанындагы адамга кружканы сунган. Ал да чайды жыттап, ууртап көрөт. Халавани жалбыз кошулган чай экендигине ынандырат.

Көп өтпөй эле Алануд Ямани күйөөсүнүн интернеттеги баракчасынан бул "тамашаны" көрөт. Дароо бул жакшы эмес көрүнүш экенин, муну балдар туурашы мүмкүн экендигин айтып өчүрүүнү талап кылган. Анткен менен жергиликтүү укук коргоо органдары видеону көрүүгө үлгүрүшкөн. Сауд Арабиядагы тартип боюнча социалдык тармактарды туура эмес багытка колдонууга катуу чаралар каралган. Мисалы, Халавани андагы мыйзам боюнча 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн же 800 миң доллардай айыпка жыгылат. Полиция аны башка адамдардын коопсуздугуна шек жаратуу жана интернет тармактарын колдонуудагы эрежени бузган деп кармагандыгы жазылат маалыматта.

Чайга унитаздагы суудан кошуп аялына берген блогер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Kich
2020-04-13 17:33:21
Халавани деген создун тушундурмосун кошо жазып койгулачы жана covid деп английский кыргызчага которгондо мынандай болот деп элден covid десе силер да эшек кошо дооруптур дегендей кылбай
-6
Эльвира Караева
2020-04-13 17:44:08
Kich, COVID-19 - бул жаңы коронавирус аркылуу пайда болгон оору (D- disease'тин кыскартып берилгени). СоV - бул CoronaVirus деген сөздүн кыскартылганы. Бир караганда өзүнүн тикенектүү бутактары күн таажысына окшошкон вирустардын түркүмү (алар болжол менен 40) аталат. Кененирээк бул шилтемеде: https://www.super.kg/kabar/news/300861/
+3
katerina.li
2020-04-13 18:16:29
Kich,халавани куйоосун аты жону
+4
Sezimka27
2020-04-13 17:34:36
ит
+4
marat_1910
2020-04-13 17:45:01
800доллар или 5 жыл хаххахахахха
0
Djumahmatov
2020-04-13 18:02:10
marat_1910,800 миң доллар деп турат
+5
ninja82
2020-04-13 18:56:34
marat_1910,800 мин доллар
+3
Gsuita
2020-04-13 17:50:11
Акмакчылык да. Ал жактан канча деген оору жугушу мүмкүн да
+10
Osh2017g
2020-04-13 17:54:06
Эми ошолордун кийимин кийгенде, туурабаса эле болду.
+2
algakaray
2020-04-13 18:51:39
Россияда унитаз ###### атышты эле го.
+3
Isikkolumkeremet
2020-04-13 18:59:36
Халавани фамилясы да
+6
BoDiNur
2020-04-13 19:08:22
Аялы кечирет бекен
+4
bond02
2020-04-13 19:22:35
Ана аялдарга болгон сыйы.
+8
pero5184
2020-04-13 20:06:19
Бизде да, элдин аң сезимине доо кетирген макалаларды жазгандарга тыюу салып койсо болмок.
+8
sirenaaaaa
2020-04-13 21:17:41
Камап салсын, шылдын кылган кандай болот экен корсун
+5
Sakubek
2020-04-13 21:19:07
Башка эле чай берген, монтаждап. Видеонун ортосу узук болуп турбайбы
+5
Raihan0602
2020-04-14 10:59:18
Ооба монтаж болушу мүмкүн себеби кружкадагы ыссык чай араң кармап жатышпайбы аунтаздагы муздак сууну кошкондо сууп калыш керек да....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан