Коронавирус боюнча фейк эмес, факты керекпи? Ыклас коюп, маалымат топтомун окуп чыгыңыз...

Дүйнөнүн чар тарабына жайылган коронавирус пандемиясы боюнча айланабызда күн санап түрдүү маалыматтар айтылып эле жатат. Ошондуктан сиздер үчүн COVID-19 пандемиясы тууралуу BBC даярдаган 80 фактыны сунуштайбыз. Бул маалымат топтому сиздерге вирус тууралуу суроолоруңузга жооп алууга көмөкчү болоруна ишенип турабыз.

1-факты. COVID-19 жана SARS-CоV-2 - бул эки башка нерсе. COVID-19 - бул жаңы коронавирус аркылуу пайда болгон оору (D- disease'тин кыскартып берилгени). SARS-CоV-2 - бул вирустун аталышы.

2-факты. СоV - бул CoronaVirus деген сөздүн кыскартылганы. Бир караганда өзүнүн тикенектүү бутактары күн таажысына окшошкон вирустардын түркүмү (алар болжол менен 40) аталат.

3-факты. Коронавирустар - биологияда өздөрүнө ат койгондордон. Ар бир тикенектин учу керектүү заттын молекуласына окшошуп алат. Ошондуктан клеткалык рецепторлор кубаныч менен аны өздөрүнө тартып алышат, тикенектин артынан клеткага вирус бастырып кирет. Ушундай жол менен жугуу жүрөт.

4-факты. "Жаңы коронавирус" (novel же nCov) термини - буга чейин окумуштууларга гана эмес, биздин клеткаларыбызда дагы кездешпеген дегенди билдирет.

5-факты. Эволюциянын 2 миллион жыл аралыгында биздин иммундук системибиз көпчүлүк белгилүү инфекцияларга туруштук берүүгө үйрөнгөн. Бирок жаңы коронавирус капысынан келгендиктен, аны оңой эле жуктуруп алып, күрөшүү кыйынчылыкка туруп жатат.

6-факты. Клеткага кирген вирус аны "көзөмөлгө алат" жана адаттагыдай өзү чыгаруучу белоктордун ордуна, өзүнүн көчүрмөсүн чексиз көбөйтүүгө мажбурлайт. Чынжырча реакциясы башталат. Жыйынтыгында, клетка өлөт, бирок инфекцияны алып жүрүүчү жугуштуу болуп калат.

7-факты. Жаңы коронавирус жуккандан кийин баштапкы этапта кекиртекте жана үстүнкү дем алуу жолдорунда активдүү көбөйөт. Андан соң инфекция улам ылдый түшүп, өпкөгө чейин жетип, сезгенүүнү пайда кылат.

8-факты. Мына ошондуктан жуккандын биринчи белгиси - бул жөтөл. Андан кийин гана дене табы көтөрүлөт.

9-факты. Же андай белги байкалбайт - Ухандагы бейтаптардын ар бир үчүнчүсү ооруканага келген учурунда дене табы нормадан ашкан эмес.

10-факты. Жуктургандардын көпчүлүгүндө (ар бир бешинчисинде) жөтөл да болгон эмес. Оору симптомсуз билинбей өтөт - адам оорулуу экенин аңдабай да калышы мүмкүн.

11-факты. Ошону менен бирге оорулуу симптомдору жок эле баары бир инфекцияны активдүү алып жүрүүчүсү болуп саналат да башкаларга жугузушу мүмкүн.

12-факты. Эгер COVID-19дун жеңил түрүндө эле болсо, анын белгилери кадимки сасык тумоого окшош. Кургак жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, алсыроо, кээде булчуң эттеринин оорусу же баш оору.

13-факты. Дарылоо кадимки сасык тумоо сыяктуу эле үй шартында жана симптомдуу өтөт.

14-факты. Коронавирустун өзгөчө белгиси катары даам сезүү жана жыт билүү сезимин жоготуу болуп саналат.

15-факты. Жогорудагы өзгөчө белги ооруну жуктуруп алгандардын баарында эле жолуга бербейт, бирок жалгыз симптомдорунун бири болушу мүмкүн.

16-факты. Ошондуктан эгер силерде жыт сезүү жана даам билүү сезимдери жоголсо - сак болууга жана чара көрүүгө негиз болуп саналат.

17-факты. Жаңы коронавирусту алып жүрүүчү адам жугузгандан кийин биринчи белгилери пайда болсо же болбосо дагы айланасындагыларга кооптуу болуп саналат.

18-факты. Жакшы жаңылык. Канчалык кооптуу вирус өлүмгө чейин жеткирсе, ошончолук жайылуусуна бөгөт болот. Каза болгон адамдардан вирус башкаларга жукпайт. Вирустун ошон үчүн да өлтүрүүчү формага өзгөрүп кетиши чанда кезигет, бул анын кызыкчылыгында эмес.

19-факты. Жаман жаңылык: SARS-CoV-2 - так ошол башка категориядан. Бул вирус ээсин илдетти жайылтуучуга айлантат да, бирок белгилери тез эле билинип калбастан же билинбеши дагы мүмкүн болгондуктан, вирусту алып жүрүүчү дагы бир канча адамга жуктурууга жетишет.

20-факты. Орточо эсеп менен жаңы коронавирусту алып жүрүүчү адам 2ден 4кө чейин дени сак адамга жугузууга жетишет. Бул сасык тумоого (1-3) караганда жогору, кызамык оорусуна (12+) караганда төмөн.

21-факты. Башка инфекциялар сыяктуу эле SARS-CoV-2 вирусунун да супер-ташууучулары бар. Алар жүздөгөн гана эмес, миңдеген адамдарга жугузуп жатышат.

22-факты.
Түштүк Кореяда 30 адамга жете электе вирустун жайылуусун токтотуп турууга мүмкүн болгон. Бирок "31-бейтап" деген аталышты алган аял дароо 1 200 адамдын ооруп калуусуна себепкер болгон.

23-факты. Ал динчил адам болгон, дене табы жогору болгонуна жана жөтөлүп жатканына карабастан, бийликтин айтканын четке кагып, чиркөөгө барууну уланта берген.

24-факты. Түштүк Кореяда 10 күн аралыгында вирус жуктуруп алгандардын саны 30дан 5000ге чейин өскөн.

25-факты. COVID-19дан өлүмдүн көп болушунун деңгээлин так аныктоо кыйын. Бирок изилдөөлөрдүн көбү аны 1-3 пайыздын деңгээлинде деп баалашууда. Жалпак тил менен айтканда, вирусту жуктуруп алган 100 адамдын ичинен 1-3 адам илдеттен каза болушу мүмкүн.

26-факты. Бул көрсөткүч сасык тумоодон 20 эсеге жогору. Бирок буга чейинки SARS (10%) жана MERS (25%) коронавирустарына жетпейт.

27-факты. COVID-19 пандемиясынан көз жумгандардын саны жалпы саламаттыкты сактоо системине келтирилген күчтөн жана жардам берүү ылдамдыгынан көз каранды. Германияда бул көрсөткүч 0,3 пайызды түзсө, ал эми Италияда 9 пайызды түзгөн (ред. макала 28-мартта жарыяланган).

28-факты. Каза болгондор боюнча улгайган адамдардын тобунда 70 жаштан жогору 5 пайыз, 80 жаштан өткөндөрдүн ар бир онунчусу каза болуп жатат.

29-факты. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча бийликтин негизги иши - бир мезгилде көп адамдардын жабыр тартуусуна жол бербөө үчүн мүмкүн болушунча эпидемияны узак мөөнөткө созуу болуп саналат.

30-факты. Пандемия тездик менен тарап жатат: биринчи диагнозу коюлгандардан кийин 67 күндө 100 миң адамга жеткен, экинчиси 11 күндө дагы 100 миң адам, үчүнчүсү 4 күндө эле дагы 100 миң адам жуктуруп алган.

31-факты. Ар бир сутка ичинде вирус менен жабыркагандардын саны болжолдуу 30 пайызга көбөйүп жатат.

32-факты. Пандемия Жер шарынын ар бир бурчуна жеткен кези. Алсак, Пасхи (Чилинин аймагында жайгашкан) аралына дагы жеткени маалымдалган. Анда 24-мартта 42 жаштагы эркек кишиден коронавирус аныкталган.

33-факты. Эксперттер адамдарды өзүн алдын ала вирустан жабыр тарткандардын саны 10 миллионго жетүүсү жана 100 миңдеген адамдар каза болушу мүмкүн экендигине психологиялык жактан даярдоону эскертишет.

34-факты. SARS-CoV-2 кайдан пайда болгондугу тууралуу так маалымат жок. Бирок ага окшогон вирустарды жарганаттар жана панголиндер алып жүрөт.

35-факты. Вирус мутация болуп, ал башка жаныбарларга өтүп, андан кийин адамдарга жуккан болушу ыктымал.

36-факты. Вирус биринчи оорулуу адам аны жуктурган учурда адамга коркунучтуу беле? Же ал мутация болуп, адамдын оганизминде жатып алып клеткаларга кирүүнү өздөштүрүп алдыбы? Бул суроолорго окумуштуулар азырынча жооп табыша элек.

37-факты. Эгерде вирус адамдарга контакт аркылуу жугууда коркунучтуу болсо, анда ал дагы деле жаныбарлар дүйнөсүндө саякаттап жүрүшү мүмкүн да. Эртеби, кечпи адамдарга кайрадан жугушу ыктымал.

38-факты. Дал ушул жагдайда вирустун очогу болгон Ухан шаарында алгач жапайы жандыктарды саткан базарды жабышкан.

39-факты. Баса, жаңы инфекцияга шек жаралган учурда Кытайда базарлардын жабылып, карантин жарыяланышы кадыресе көрүнүш. Негизи мындай учурда жардам бериши керек эле, бирок бул жолу ага кеч болуп калган. Симптомдору жок вирус эл аралап кеткен.

40-факты. Жок, мындайга эмнегедир эч ким ишенгиси келбесе да, вирус биологиялык лабораториядан качып кеткен жок.

41-факты. Коронавирустун келип чыгуусунун жасалма жолдорун бир топ өлкөлөрдөн бир топ окумуштуулардын тобу тыкыр изилдеп, текшерип чыгышты. Жыйынтыгында алар анын жасалма эмес экендигине ынанышты.

42-факты. "Биздин анализ SARS-CoV-2 лабораторияда жана кандайдыр бир манипуляция максатында атайын иштелип чыкпагандыгын көрсөтүп турат" деп изилдөөчүлөргө таянып "Nature" журналы жазып чыккан.

43-факты. Дагы бир уламышка кайрыла өтсөк. Хирургиялык бет каптар коронавирустан сактабайт. Анын бөлүкчөлөрү ушунчалык кичинекей болгондуктан, алар тешикчелерден оңой эле өтүшөт.

44-факты. Вирустун көлөмүн элестетүү үчүн: ийненин учуна болжол менен вирустун 100 миллион копиясын оңой батырса болот.

45-факты. Вирус менен жабыркаган бейтап жөтөлгөн учурда чыккан эң кичинекей шилекейинде миллиарддаган (!) вирустун бөлүкчөлөрү болушу мүмкүн.

46-факты. Бет капты кимде ким башкалардын ооруп калышын каалабаса кийүү маанилүү. Бет кап 100 пайыз коргой албайт, бирок кичине болсо дагы айланадагы коркунучту азайтат.

47-факты. Көпчүлүк айтымдардан айырмаланып, үй жаныбарлары коронавирусту жуктурбайт. Себеби буга чейин бир дагы иттен же мышыктан адамга жуктурган учуру каттала элек.

48-факты. Бирок вирусту алып жүргөн адам кайсы жерде жүргөн болсо, ошол аймактан өзгөчө ачык имаратта толук түрдө жуктуруп алуу ыктымалдыгы чоң.

49-факты. Коронавирус абада 3 саат бою жашоого жөндөмдүү. Бул 3 саатта дени сак адамга да жуктура алат.

50-факты. Пластик жана болоттон жасалган буюмдарда SARS-CoV-2 3 күнгө чейин кооптуулугу сакталат. Ал эми вирус кагазда жана картондо 1 суткага чейин, жезде 4 саатка чейин жашайт.

51-факты. Ошондуктан негизги жана ишенимдүү каражат профилактика иштери. Булар - үйдөн сырткары контакт болгондон кийин сөзсүз колду самындап жуу.

52-факты. Колду кантип туура жуу керек экендигин видеодон көрүп алсаңыз болот. Сиз эң жакшы билем деген жетишсиз болуп калышы мүмкүн.

53-факты. Эгер жаныңызда раковина жок болсо, колго гель-антисептик каражатын колдонсоңуз болот. Бирок чындыгында колдуу жууган жакшыраак.

54-факты. Антисептикти үй шартында даярдоого болот.

55-факты. Карайлап калсаңыз, дезинфекция үчүн мирамистин же хлоргексидин ылайыктуу. Экөө тең бактерияны гана эмес, вирусту да жок кылат.

56-факты. Антибиотиктер коронавируска каршы пайда келтирбейт. Ал бардык вирустардын алдында алсыз.

57-факты. Дүйнө жүзү боюнча карантин жана башка чектөөлөр узартылышы мүмкүн. Анткени азыркыга чейин COVID-19ду эффективдүү дарылоо же вакцина иштелип чыга элек.

58-факты. Коронавирустан анык жардам бере алуучу вакцина бир жыл, бир жарым жылдан эрте даяр болбойт. Тагыраагы, 2021-жылдын орто ченине чейин иштелип чыкпашы мүмкүн.

59-факты. Вакцина эч качан табылбай калышы деле мүмкүн. Себеби бүт дүйнө 35 жылдан бери ВИЧтин вакцинасын иштеп чыгууга аракет кылып келе жатат жана азырынча натыйжа боло элек. Ошого карабастан "ВИЧтин таблеткасы" эффективдүү профилактика үчүн иштелип чыккан.

60-факты. SARS-CoV-2 вирусунан дарылануунун өзгөчө терапиясы жок. Вирус жуккан бейтаптарга симптоматикалык гана дарылоо болот. Башкача айтканда, алар оорунун өзү менен эмес, анын көрүнүшү менен күрөшүп жатышат.

61-факты. COVID-19дан 100 миңден ашуун адам сакайды.

62-факты. Бейтаптардын 80 пайызы медиктердин жардамын талап кылышпайт. Алар үйлөрүндө сасык тумоодогу каражаттар менен айыгышкан. Ал эми сасык тумоодон болжолдуу бир аптада айыгасың.

63-факты. Ооруканага жаткыруу болжол менен бешинчи же алтынчы бейтапка керек болгон - алардын көпчүлүгү улгайган же өнөкөт оорулары барлар.

64-факты. Оор учурларда (болжол менен 4 пайыз) бейтапты жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтыруу керек болгон. Эгер бейтаптар көп болсо, аппарат жетишсиздиги көйгөй жаратат. Кээ бир автоунаа компаниялары ИВЛ аппаратын чыгарууга өтүп жатышат.

65-факты. Бул Италиядагы өлүмдүн биринчи себеби болгон. Улгайган оорулуулардын көптүгү, ооруканага келип түшкөн бейтаптардын көптүгү, мунун айынан дарыгерлердин суй жыгылуусу жана шаймандардын жетишсиздиги.

66-факты. COVID-19дан Италияда 10 миң 300 айыккан адамга 8 миңден ашуун каза болгондор туура келип жатат. Андан тышкары дагы 62 миң адам ооруп жатат (27-мартка карата).

67-факты. Вирустун дарысын параллелдүү издөө жүрүп жатат. Жаңы каражат иштеп чыгууга убакыт жок. Андыктан медиктер вируска каршы препараттарды SARS-CoV-2 күрөшүүдө канчалык эффективдүү экендигин текшерип жатышат.

68-факты. Февралда кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүүдө хлорохин дарысын жакшы жыйынтык көрсөткөнүн байкашкан. Ал маляриядан (безгек) алдын алуу жана дарылоо үчүн иштелип чыккан болчу. Аталган дарынын азыркыга чейин COVID-19 менен күрөшүүдө эффективдүүлүгүн көрсөткөндүгүн изилдөөчүлөр да тастыкташкан.

69-факты. Дагы эки жардам бериши мүмкүн дары - бул лопинавир, адатта ВИЧ менен ооругандарды дарылоо үчүн колдонулат жана ремдесивир, алгач Эбола жана Марбург вирусун дарылоо үчүн иштелип чыккан. Азырынча бул экөө сыноодон ийгликтүү өтүп жатат.

70-факты. Акыркы көңүл жубатуучу ачылыш - Япониядагы сасык тумоого каршы белгилүү болгон каражат антивирустук авиган (фавипиравир) препараты. Ал да вирустарга каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан.

71-факты. Ухандагы сыноолордун жүрүшүндө, коронавирус жуктурган бейтаптардын авиган препаратын алгандары орто эсеп менен 4 күн ичинде сакайып кетишкен.

72-факты. Кытайда бардык бейтаптарга адаттагы дары-дармектер менен кошо кытай элдик медицинасынын препараттары жазылып берилген.
73-факты. Кытай элдик медицинасы менен дарылоо ыкмасы Гуанчжоудагы Сегизинчи элдик ооруканасында иштелип чыккан. Гуандун провинциясынын илим жана технология министрлиги тарабынан жактырылып, аймактык бийлик тарабынан расмий түрдө кабыл алынган.
74-факты. Синьхуа агенттигинин маалыматына ылайык, COVID-19 менен ооругандарды дарылоодо негизги терапиянын катарында Цинфей пайду (Qinfei Paidu) микстурасынын жардамы менен дарылоо натыйжалуу.
75-факты. Аталган элдик препарат дары чөптөрдүн жана башка өсүмдүктөрдүн негизинде жасалат. Анын ичинде кытай ийне жалбырактуу кырчын, кызыл мыянын тамыры бар. Бирок даярдалышынын жүзгө жетпесе да, ондогон түрү бар.
76-факты. Кээде коронавирустан оор жабыркагандарды айыккан адамдардын канын алып куюп сактап калууга аракет кылып жатышат. Бул практика Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан расмий SARS, MERS жана Эбола вирусу убагында сунушталуп, жакшы натыйжа берген.
77-факты. Чүчкүрүү коронавирустун белгилерине кирбейт. Жөтөл - ооба, кирет. Ал эми чүчкүрүү - жок, кирбейт.
78-факты. SARS-CoV-2 дале мутация болуп жатат. Декабрдан баштап мартка чейин вирустун айрым варианттары генин 14 жолу өзгөртүүгө жетишкен.
79-факты. Жалпысынан, вирустун генетикалык модификациялары - бир аз айырмачылыктар менен - ​​1200дөн ашык.
80-факты. Санкт-Петербургдагы сасык тумоо институтунун окумуштуулары изилдеген вирустун "орус варианты" генетикалык жактан европалык түрлөрүнө жакын болгон. Мындан улам вирус Орусияга Кытайдан эмес, Европадан келген деген версияга токтолушкан.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
adiletkgz
2020-03-31 16:56:25
Субаханалла!
+2
Aikaaaa
2020-03-31 22:52:44
Бизде 22-23-факты болду окшойт, кенебестик, өзүлөрүнө аябай ишенип алышты
+1
Arstan18.18
2020-04-01 03:50:18
Мен москвадамын коп чучкуруп жатам даам сезуу быт сезуу жоголду,башка белгилери жок эмне кылышып кк?
0
Aikaaaa
2020-04-01 09:40:23
Arstan18.18,иий кудай сактасын! Башкасы билинбесе да, жыт, даам билүүнү сезбей калуу бирден бир белгиси экен, доктурга көрүнүңүз! Срочно
+1
Pikir-add
2020-04-01 10:18:25
Arstan18.18,
Тоок шорпо менен калемпирди бастырып плотно жесең оңолосуң
0
Pikir-add
2020-04-01 10:21:29
Меенет кылып жазганыңызды бааладым бирок бул факты эмес эле көп факты деп жазгандарыңыз пикир көз караш болуп калыптыр!!!
Такталбаган маалымат кабарлар пикир көз караш болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан