Кыргыз өлкөсүндө апрель айында жаратылыш газынын баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, апрель айына болгон тариф эл үчүн бир куб метр газ 17,6 сом, ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык тараптар жана бюджеттик уюмдарга 21,3 сом болот. Бул салыктарды кошкондон кийин чыккан сумма.
Ишкана тарифтердин көтөрүлүшүн доллардын курсунун кымбатташы (марттын аягында валютанын наркы 85 сом болуп кеткен) менен байланыштырган.
Ошол эле сайттагы маалыматка таянсак, февраль айында бир куб метр газ үчүн жарандар 15,3 сомдон төлөгөн. Ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык тараптар жана бюджеттик уюмдарга бардык салыктарды кошкондо газдын баасы 18,6 сомду түзгөн.
Отун энергетика комплексинин ишин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругуна ылайык, "Газпром Кыргызстан" ай сайын тарифтерин доллардын сомго карата курсу боюнча эсептеп турушу керек. Бул Улуттук банктын ар бир айдын биринчи күнүндөгү курсу менен каралат.