Биз социалдык тармакта

Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Жабырлануучу ооруканада

Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилгенин Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти. Жол кырсыгы бүгүн, 14-апрелде саат 13:00дө Юнусалиев жана Карл Маркс көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды.

"33 жаштагы Т.Ж. аттуу айдоочу Тойота Камри унаасы менен аталган көчөлөрдүн кесилишинен жөө адамды сүзүп кетти. Жабырлануучу 1983-жылы туулган К.М. экени белгилүү болду. Ал алган жаракатынан улам Улуттук госпиталга жеткирилди. Учурда милиция кызматкерлери бул факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатышат", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bars88
2020-04-14 16:36:13
Озгочо абал болуп элдин баары уйундо отурса,сузгон дагы жабыркаганы дагы не кылып журушот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан