Орусиялык ырчы Надежда Бабкина комадан чыгып, эсине келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бир апта комада жатканына таң калган ырчы эсине келгенде тоё тамактангысы келген. Ал бул аралыкта ачка болгонун айтып, козу карын менен курулган картошка жана туздалган капуста сураган. Бирок диетасы тууралуу эстеп, оорукананын менюсуна кайткан.
Буга чейин Бабкина коронавирус жуктурганы аныкталып, ооруканага жаткырылганы кабарланган. 7-апрелде ырчынын пресс-атташеси Бабкинага пневмония диагнозу коюлганын, ал коронавирус болбогонун айткан.