Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков катышууда. Ал коронавируска каршы күрөшүүдө жалгыз эмес экенибизди айтты.
"Бизге эл аралык уюмдар, союздаш өлкө Орусия жардамын берүүдө. Коронавирус менен күрөшүүдө жалгыз эмес экенибизди көрдүк. Жардам бергендерге ыраазычылык билдирем", - деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы башка өлкөлөрдөгүдөй резервде «коопсуздук жаздыгы» болбогондуктан, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр активдүү жүргүзүлүп жаткандыгын, жардамдар келе баштаганын белгиледи.
«Кыргыз мамлекетине Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму, Араб мамлекеттеринин фонддору колдоо көрсөтүп жатышат.
Орусия чыныгы союздаш мамлекет экенин дагы бир ирет далилдеди. Кыйын кырдаалдын алгачкы күндөрү аба майданы ачык бойдон турду. Биз алардан каржылык жардам жана ооруну аныктоочу тест каражаттарын алып жатабыз. Коңшу Кытай Эл Республикасы жигердүү колдоосун көрсөтүүдө. Боордош Өзбекстан жана Казакстан тарабынан бизге олуттуу кол кабыш болду. Түркия, Япония жана Корея мамлекеттери өздөрүнүн жардамын беришти», - деди Сооронбай Жээнбеков жана өлкөнүн бардык өнөктөштөрүнө терең ыраазылык билдирди.