Кафе, ресторандардагы орундуктардын санын 100-150гө чейин көбөйтүү тууралуу жарандардан сунуштар келип жатат. Бирок азырынча уруксат бериле элек дейт өкмөт башчы Кубатбек Боронов.
"Эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен тойканаларда 100 орунга чейин киши топтоого уруксат берүү маселеси республикалык штабда карала элек. Буга байланыштуу азырынча чектөөлөр бар экенин эскертемин. Учурда жарандардан, ишкерлерден кафе, ресторандарга 100-150 киши топтоо боюнча талаптар, суранычтар болууда. Бирок биз биринчиден, кырдаалды эске алып, экинчиден кафе, ресторандардын ээлери менен биргеликте шарттарды туура түзгөнгө жетише ала турган болсок, анда бул маселени караганга мүмкүнчүлүк жаралат”, - деп билдирди Боронов.