Орусияда Жеңиш парадын өткөрүү кийинкиге жылдырылат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди орус бийлиги кабыл алды. "Параддын жылдырылышы боюнча расмий түрдө бүгүн, 16-апрелде Коопсуздук кеңештин жыйынында айтылат. Ал эми парад кайсы күнү өтөрү азырынча белгисиз", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Орусиядагы ардагерлердин уюмдары өлкө башчысы Владимир Путинди Жеңиш күнүнө карата 9-майда өтүүчү парадды жылдырууну суранышкан. Алар парадды өлкөдө коронавируска байланыштуу болуп жаткан абал тынчыганда өткөрүүнү сунушташкан.